Жаңылыктар

26.09.2022 (Обновлено: 14.10.2022 13:11)

2021-жылы ЕАЭБде аныкталган контрафакттык товарлардын көлөмү 33%га көбөйүп, 18 миллиондон ашык бирдикти түздү

ЕАЭБде контрафакт продукциясынын көлөмү боюнча мындай маалыматтарды Евразия экономикалык комиссиясынын экономика жана каржы саясаты боюнча министри Бакытжан Сагинтаев Бишкек шаарында өткөн "Антиконтрафакт-2022" X эл аралык форумунда билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүндө рыноктордун учурдагы өнүгүүсүнө, анын ичинде санариптештирүүгө, жасалма интеллектти киргизүүгө, бизнес жүргүзүүнүн санариптик моделдерин колдонууга, электрондук сооданы өнүктүрүүгө байланышкан тенденцияларына талдоо туруктуу негизде жүргүзүлүп турат.

Тенденцияларды эске алуу менен, Комиссия мүчө мамлекеттер менен бирдикте Интернет тармагында интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоону камсыз кылуу боюнча макулдашууну иштеп чыгууда. Макулдашуунун долбоорунда, атап айтканда, мыйзамсыз контентти соттук жана сотко чейинки тартипте бөгөт коюу механизмин киргизүү, интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга бөгөт коюу процессине маалыматтык ортомчуларды тартуу, ошондой эле Бирликтин өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарында мыйзамсыз контентке жеткиликти чектөөдөн баш тартуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө каралат.

"Интернет тармагында интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча мамилелерди түзүүдө укук ээлери, Интернет-ресурстардын ээлери жана маалыматтык ортомчулар үчүн ишкердик ишмердикте негизсиз тоскоолдуктарды жаратпоо үчүн, бардык кызыкдар жактардын кызыкчылыктарын эске алуу зарыл", – деп белгиледи Бакытжан Сагинтаев.

Андан тышкары, Комиссия ЕАЭБде ак ниеттүү электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иштерди жүргүзүп келет, зарыл бажы чаралары иштелип чыгарылып, товарларды маркалоо жана көзөмөлдөө механизмдери өркүндөтүлүп, ошондой эле керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана Бирликтин ички рыногуна жасалма продукциянын кирүүсүн чектөө чөйрөсүндө тиешелүү чаралар көрүлөт.

Маалымат

"Антиконтрафакт" эл аралык форуму – бийликтин, бизнестин, илимдин өкүлдөрүнүн, укук ээлеринин, өндүрүүчүлөрдүн, авторлордун жана коомчулуктун конструктивдүү диалогу үчүн эң ири эл аралык аянтча болуп саналат. Анда контрафакттык продукцияны таратуу менен күрөшүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо жана ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун түзүү боюнча сунуштар талкууланат жана иштелип чыгат.

Бишкекте өткөрүлгөн форумдун уюштуруучулары Евразия экономикалык комиссиясы, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана "Антиконтрафакт" эл аралык ассоциациясы болду.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2017-жылдын 7-мартындагы № 3 тескемесине ылайык, форум жыл сайын ротациялык негизде ошол жылы Евразия өкмөттөр аралык кеңеши төрагалык кылган өлкөдө өткөрүлөт.

2023-жылы "Антиконтрафакт-2023" XI эл аралык форуму Россия Федерациясында өткөрүлөт.