Жаңылыктар

22.11.2022 (Обновлено: 29.11.2022 17:19)

Төмөн вольттуу жабдуулар үчүн МАМСТ иштеп чыгуу программасы жаңыртылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы Евразия экономикалык бирлигинин "Төмөн вольттуу жабдуулардын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программанын жаңы редакциясын кабыл алды.

Программа боюнча 172 мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу каралат, алардын ичинен 164 - МЭК стандарттарынын негизинде, 3 - EN стандарттарынын негизинде, 1 - Беларусь Республикасынын улуттук стандартынын негизинде, 4 - Россия Федерациясынын улуттук стандарттарынын негизинде иштелип чыгарылмакчы.

Ошондой эле программада 46 мамлекеттер аралык стандартка өзгөртүүлөрдү киргизүү жана 3 мамлекеттер аралык стандарттарды кайра карап чыгуу каралган.

Программа Комиссиянын Коллегиясынын 2012-жылдын 25-декабрындагы № 295 Чечими менен бекитилген учурда колдонуудагы редакциясын жүзөгө ашырууну эске алуу менен, ЕАЭБ мамлекеттеринин сунуштарына ылайык даярдалган (Комиссиянын Коллегиясынын 2017-жылдын 30-июнундагы № 71 Чечиминин редакциясында).