Жаңылыктар

21.03.2023 (Обновлено: 22.03.2023 17:55)

Таңгакка мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасы жаңыртылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Таңгактын коопсуздугу жөнүндө" техрегламентин жүзөгө ашырууну жана колдонууну камсыздаган мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу программасына өзгөртүүлөрдү бекитти.

Өзгөртүүлөрдүн долбоору учурдагы Программа 90%дан ашык аткарылгандыгына байланыштуу даярдалган.

Мүчө мамлекеттердин сунуштарын эске алуу менен даярдалган Программанын жаңы редакциясы 41 позицияны камтыйт. Алардын 31 боюнча мамлекеттер аралык жаңы стандарттарды иштеп чыгуу пландаштырылган, алардын 28 ИСО, ЕN жана ЭКӨУ эл аралык жана регионалдык стандарттарынын талаптарына негизделет. Программанын калган позициялары боюнча колдонуудагы мамлекеттер аралык стандарттарга өзгөртүүлөрдү киргизүү же эл аралык стандарттардын акыркы актуалдуу версияларын эске алуу менен аларды кайра карап чыгуу каралган. Учурдагы Программа боюнча бүтпөгөн стандарттарга карата, аларды иштеп чыгууну аяктоо мөөнөттөрү актуалдаштырылган.