Жаңылыктар

15.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 12:20)

Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу боюнча техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектери жаңыланды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы тамак-аш продукциясынын коопсуздугу боюнча техникалык регламентке карата стандарттардын тизмектерине өзгөртүүлөрдү киргизди.

Өзгөртүүлөрдө аларды ыктыярдуу негизде колдонуунун натыйжасында техникалык регламенттин аткарылышы камсыз кылынган стандарттардын тизмегин 19 мамлекеттер аралык стандарт жана мүчө мамлекеттердин 12 улуттук стандарты менен толуктоо каралган.

Изилдөөлөрдүн (сыноолордун) жана өлчөөлөрдүн эрежелерин жана ыкмаларын, анын ичинде үлгүлөрдү тандоо эрежелерин камтыган стандарттардын тизмеги 11 мамлекеттер аралык стандарт, мүчө мамлекеттердин 2 улуттук стандарты менен толукталды.

Сыноо жүргүзүү лабораторияларын тизмектерге киргизилген жаңы стандарттарды жана усулдарды эске алуу менен өз убагында аккредиттөө зарылчылыгын эске алуу менен, Коллегиянын чечими расмий түрдө жарыялангандан кийин 180 күндөн кийин күчүнө кирет.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү