Жаңылыктар

23.09.2022 (Обновлено: 03.10.2022 14:29)

ЕАЭБде көп жолу колдонулуучу электрондук сигареталарды маркалоонун принциптери аныкталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши Кыргыз Республикасынын демилгелүү сунушун карап чыгып, Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө көп жолу колдонулуучу электрондук сигареталарды жана ушул сыяктуу жеке электрондук буулантуучу түзмөктөрдү унификацияланган эрежелер боюнча маркалоону киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Документке ылайык мүчө мамлекеттер өз аймагында идентификациялоо каражаттары менен маркалоону киргизүү күнүн жана тартибин өз алдынча аныкташат жана бул туурасында ЕЭКке алты айдан кечиктирбестен мурда маалымдашат. Ошол эле учурда маркаланбаган продукцияны жүгүртүүгө киргизүүгө тыюу салуу 2022-жылдын 1-октябрынан мурда жүргүзүлбөйт.
"Трансчек аралык сооданын алкагында маркалоонун улуттук операторлорунун өз ара аракеттенүүсү, ЕАЭБде товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо тутумунун базалык технологиялык уюштуруу моделинде каралган тартипте ишке ашырылат", - деп тактады ЕЭКтин бажы-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу департаментинин директору Ваагн Казарян.

Бирликтин бир катар өлкөлөрүндө товарлардын бул тобу акциздик категорияга киргендигин эске алуу менен, улуттук мыйзамдардын деңгээлинде товарларга жасалмадан коргоо каражаттарын камтыган материалдык алып жүрүүчүнү чаптоо боюнча кошумча талап белгилениши мүмкүн.