Жаңылыктар

23.09.2022

Электрондук соода товарларына карата декларацияларга түзөтүүлөрдү толтуруунун өзгөчөлүктөрүн ЕЭК Коллегиясы аныктайт

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 23-сентябрдагы отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүндө тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду жүргүзүүдө колдонулуучу экспресс-жүктөр үчүн товарларга карата декларацияларга түзөтүүлөрдү толтуруунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо мүмкүнчүлүгүн караштырды. 

Мындай чечим түзүлгөн укук колдонуу практикасы менен шартталган жана электрондук соода товарларына карата мурда билдирилген маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө мүмкүндүк берет. Бул, мисалы, алдын ала бажылык декларациялоодо, товарларды ташып келгенден кийин маалыматтар такталганда же бажы контролунун натыйжалары боюнча талап кылынышы мүмкүн. Башкача айтканда, эгерде айырмачылыктар аныкталса, жөнөтмөлөрдү алууда мурда берилген декларацияны өзгөртүү үчүн кайрылууга болот.

Чечим декларациялоо механизмин бизнес жана акыркы керектөөчү үчүн кыйла ыңгайлуу кылуу менен, товарлардын ушул категориясын ташууда бажылык жөнгө салуу боюнча ченемдик базаны өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Маалымат

Комиссиянын Кеңешинин 2021-жылдын 5-апрелиндеги № 7 "Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринде тышкы электрондук соода жаатында пилоттук долбоорду (эксперимент) жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" тескемесине ылайык, 2021-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында (узартуу мүмкүнчүлүгү менен) Бирликтин мүчө мамлекеттеринде тийиштүү пилоттук долбоор (эксперимент) жүргүзүлөт.

2021-жылдын август айында Комиссия тышкы электрондук соода жаатында эксперимент жүргүзүү үчүн негизги документтерди кабыл алган, анын ичинде экспресс-жүктөр үчүн товарларга декларацияны толтуруунун өзгөчөлүктөрү аныкталган.