Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
29.09.2022

ЕАЭБ менен Ирандын ортосунда эркин соода аймагын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү алга жылууда

26-сентябрдан 28-сентябрга чейин Москвада Евразия экономикалык бирлиги менен Ирандын ортосунда эркин соода жөнүндө макулдашууну түзүү боюнча сүйлөшүүлөрдүн бешинчи раунду болуп өттү, ал бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан убактылуу преференциялык соода келишимин алмаштырат.

"Документтин жөнгө салуучу бөлүгүндө иш дээрлик аяктады, калган айрым маселелер жакынкы келечекте жөнгө салынышы мүмкүн. Негизги маселе – өз ара соодада алымдар колдонулбай турган товарлардын тизмеги жөнүндө айта турган болсок – тараптардын позициялары такталган, чечимдер да каралып жатат", – деп белгиледи раунддун жыйынтыгы боюнча ЕЭКтин соода саясаты департаментинин сооданы жөнгө салуунун атайын маселелери бөлүмүнүн башчысы Антон Цециновский.

Комиссиянын өкүлү бул сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн ийгилигине ЕАЭБ өлкөлөрүнүн да, Ирандын да өкмөттөрү чоң көңүл буруп жаткандыгын кошумчалады. Бул алардын аякташы үчүн зарыл болгон чечимдер жакынкы убакытта эки тарап тарабынан кабыл алынат деп ишенүүгө мүмкүндүк берет.

"Биздин баамыбыз боюнча, өткөн раундду эске алуу менен, сүйлөшүүлөрдүн субстандивдик аякташы олуттуу жакындап калды. Анткен менен бардык катышуучулар бири-биринин суроо-талаптык позицияларын максималдуу натыйжалуу иштеп чыгышы керек. Кийинки жолу ноябрда жолугууну макулдаштык", – деп билдирди аягында ЕЭКтин өкүлү.