Жаңылыктар

10.02.2022

ЕАЭБ Бажы кодексине түзөтүүлөрдүн биринчи топтому 2022-жылы даярдалат

Евразия экономикалык бирлигинде бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отурумунда 20-февралга чейин ЕАЭБ Бажы кодексине түзөтүүлөрдүн биринчи топтомуна кире турган артыкчылыктуу маселелердин тизмесин актуалдаштыруу чечими кабыл алынды. Кеңешме 9-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын штаб-квартирасында Бирлик өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусу менен өттү.

Бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча системалык иш Стратегия-2025те каралган жана 2024-жылга чейин бүткөрүлүшү керек.

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович баса белгилегендей, ыкчам иш жүргүзүү үчүн өлкөлөр үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ болгон маселелерге көңүл буруу зарыл.

"20-февралга чейин тараптардын ыйгарым укуктуу органдарынан Өкмөттөр аралык кеңеште Комиссия макулдашылган мамилелер, иштин мөөнөттөрү жана этаптары жөнүндө отчет берүүсү үчүн тизмени актуалдаштырууну өтүнөм", - деди Михаил Мясникович.
Жалпысынан тараптар 300дөн ашык түзөтүүлөрдү сунушташты. ЕЭКтин бажы кызматташтыгы боюнча министри Максат Мамытканов билдиргендей, бүгүнкү күндө 110го жакын түзөтүүлөр макулдашылып, дагы 60ка жакыны жогорку даярдыкта турат.

Протоколдордун комплекстүү долбоорлорун этап-этабы менен түзүү бажылык жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча ишти тездетүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары, жумушчу топ тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө ЕАЭБ Бажы кодексине киргизилген өзгөртүүлөрдү мамлекеттик ички макулдашуунун жыйынтыктарын карап чыкты.

Өзгөртүүлөр тышкы электрондук сооданын алкагында сатып алынган товарларды жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүн аныктоо менен өзүнчө категорияга бөлүүгө, электрондук соода оператору институтун, электрондук соода декларациясын киргизүүгө, ошондой эле бажы ("бонд") кампаларын пайдалануу менен тышкы электрондук соода товарларын жеке адамдарга сатуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга багытталган.

Документ иштелип чыккандан кийин тараптардын кароосу үчүн жөнөтүлөт.