Жаңылыктар

27.06.2022 (Обновлено: 06.07.2022 14:48)

Алгачкы Евразия экономикалык форумунун Негизги тезистери даярдалды

Евразия экономикалык бирлигинде интеграцияны өнүктүрүүнүн негизги приоритеттери төмөнкүлөр болууга тийиш: Евразиялык интеграциянын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча биргелешкен иш, анын ичинде импортту алмаштыруу боюнча конкреттүү кооперациялык долбоорлорду ишке ашыруу, Бирликтин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, Бирликтин санариптик күн тартибин толук баалуу ишке ашыруу, улуттук валюталарда эсеп-кысап жүргүзүү үчүн төлөм тутумдарын жана банк карталарын өз ара байланыштыруунун үстүнөн ишти активдештирүү, өздүк эл аралык каржы жана эсеп-кысап механизмдерин түзүүнү тездетүү, мүчө мамлекеттердин "жашыл" технологиялар жаатындагы кызматташтыгын өнүктүрүү, Евразия кайра камсыздандыруу компаниясын түзүү боюнча ишти тездетүү, ШКУ, АСЕАН жана БРИКС өлкөлөрүнүн катышуусу менен соода жана инвестициялык макулдашууларды андан ары үзүрлүү өнүктүрүү. Бул тууралуу "Евразия экономикалык интеграциясы глобалдык өзгөрүүлөр доорунда. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү" Алгачкы Евразия экономикалык форумунун натыйжалары боюнча тематикалык сессиялардын резолюцияларынын негизинде даярдалган Негизги тезистерде айтылат.

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин отуруму менен учурлаш өткөрүлгөн Алгачкы Евразия экономикалык форуму 26-майда Бишкекте (Кыргыз Республикасы) болуп өттү. Форум Евразия экономикалык комиссиясынын жана Кыргыз Республикасынын колдоосу астында Евразия экономикалык бирлигинин Ишкердик кеңешинин катышуусу менен өткөрүлдү.

Иш-чарага коомдун бардык негизги секторлорунун: мамлекеттик ведомстволордун, бизнестин, илимдин, билим берүүнүн, коомдук түзүмдөрдүн, саясий коомдоштуктардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, ошондой эле ЕАЭБ мамлекеттеринин жаштар кыймылынын өкүлдөрү болгон 2000ден ашуун адам катышты. Ошондой, эле форумга чет өлкөлүк делегаттар да катышышты.

Форумду өткөрүүнүн максаттары: ЕАЭБ мамлекеттеринин экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн перспективдүү багыттарын талкуулоо, катышуучу өлкөлөрдүн чарба жүргүзүүчү субъектилеринин ортосундагы кооперациялык байланыштарды кеңейтүү боюнча сунуштарды даярдоо, Бирликтин мамлекеттеринин инвестициялык жана инновациялык потенциалдарын бириктирүү боюнча чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу, экспорттук потенциалды өнүктүрүү.

Форумдун кульминациясы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчыларынын катышуусу менен өткөрүлгөн пленардык отурум болду. Анда Бирликтин мамлекеттеринин лидерлери глобалдык трансформация шарттарында интеграциялык процесстерди өнүктүрүүгө көз карашы жана негизги аспектилери менен бөлүшүштү.

Катышуучулар пленардык отурумдун жыйынтыктары жана талкуу аянтчаларынын ишинин натыйжалары боюнча келечекте евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жана тереңдетүү үчүн ЕАЭБдин ченемдик-укуктук актыларын даярдоодо колдонулушу мүмкүн болгон сунуштарын жана идеяларын айтышты.

Негизги тезистердин толук тексти.