Жаңылыктар

10.11.2023

Комиссияда электрондук соода товарларына жаңы декларацияга карата мамилелер талкууланды

9-ноябрда Евразия экономикалык комиссиясынын Бажы мыйзамдары жана укук колдонулуучу иш-тажрыйба департаментинин директору Сергей Владимировдун төрагалыгы астында экспресс-жүктөргө жана эл аралык почта жөнөтүүлөрүнө карата бажылык операцияларды аткаруу тартибин өркүндөтүү боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жана бизнестин өкүлдөрү, анын ичинде почта операторлору жана экспресс-ташуучулар катышты.

Отурумда товарды алуучу, жөнөтүүчү, электрондук соода оператору ж.б. тууралуу жалпы маалыматтарга, товарлар жөнүндө айрым маалыматтарды, анын ичинде бажы наркы жана ТЭИ ТН боюнча товардын коду айрым маалыматтарды аныктоого тиешелүү маселелер талкууланды.

"Электрондук соода товарларына декларация Бирликтин Бажы кодексине тышкы электрондук сооданы жөнгө салуу бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протокол күчүнө кирген учурдан тартып колдонула баштайт, ал азыр ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболордон өтүүдө", - деп белгиледи Сергей Владимиров.

 


Маалымат

Комиссиянын Кеңешинин 2023-жылдын 23-июнундагы № 20 тескемеси менен 2017-жылдын 11-апрелиндеги ЕАЭБ Бажы Кодекси жөнүндө Келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү протоколунун долбоору жактырылган (тышкы сооданы жөнгө салуу жагында) жана ага кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду жүргүзүү үчүн мүчө мамлекеттерге жөнөтүлгөн.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин 2021-жылдын 19-ноябрындагы № 10 чечими менен Евразия экономикалык бирлигинин алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы (жол картасы) бекитилген.

Евразия экономикалык комиссиясынын жол картасынын 2-пунктуна ылайык, ЕАЭБ мамлекеттери менен биргеликте ЕЭКтин электрондук соода товарларына декларациянын формасын жана аны толтуруу тартибин аныктаган актысын даярдоо зарыл.