Жаңылыктар

12.04.2024

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жана Ирандын ишкерлери эркин соода жөнүндө макулдашуунун алкагында кызматташууну улантышат

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2023-жылдын 25-декабрындагы Евразия экономикалык бирлигинин жана Иран Ислам Республикасынын ортосундагы эркин соода жөнүндө макулдашууну ишке ашырууга багытталган иш-чаралар планын бекитти. Документте тараптардын ишкер коомдоштуктарынын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү каралган.

"Атап айтканда, кезектеги Евразия экономикалык форумуна Ирандын өнөктөш катары катышуу маселеси иштелип чыгат. Жолугушуунун алкагында "ЕАЭБ-Иран" бизнес – диалогун уюштуруу жана өткөрүү болжолдонууда, – деди ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.

Тараптардын бизнес-диалогунун платформасын түзүү максатында, Евразия экономикалык бирлигинин Ишкер кеңеши менен Ирандын Соода, өнөр жай, тоо-кен иштери жана айыл чарбасы боюнча палатасынын ортосунда 2019-жылдын 25-сентябрындагы учурда колдонуудагы Кызматташуу жөнүндө меморандумга өзгөртүүлөрдү киргизүү же жаңы меморандум түзүү пландаштырылууда. Бул платформанын алкагындагы иш-чаралар транспорт чөйрөсүндөгү кызматташтык, мультимодалдык ташууларды өнүктүрүү, илимий изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар жаатындагы биргелешкен долбоорлор, ишканалар ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү, отун-энергетикалык комплексинин долбоорлору, ошондой эле энергонатыйжалуулук, энергияны үнөмдөө жана энергиянын жаңыланма булактары, билим берүү, медицина, телекоммуникациялар сыяктуу тармактык өз ара аракеттенүүнүн багыттарын эске алуу менен өткөрүлөт.

Ишкер коомдоштуктардан келип түшкөн сунуштар Биргелешкен комитет - Макулдашууну колдонууга жана ЕАЭБ менен Ирандын ортосундагы соода мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө байланыштуу маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн орган тарабынан иштелип чыгат жана каралат.

Мындан тышкары, тараптар соодага көмөктөшүү боюнча уюмдардын биргелешкен иш-чараларынын планын даярдашат, анда бизнес-форумдарды, көргөзмөлөрдү, бизнес-миссияларды ж. б. өткөрүү каралмакчы.