Жаңылыктар

03.02.2023

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн авто өнөр жайынын ишканалары кооперациялык кызматташтык үчүн чоң потенциалга ээ

Бул туурасында Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян Алматыда, Казакстанда автомобиль өндүрүү боюнча негизги ишканалардын бири – Hyundai Trans Kazakhstan заводуна болгон сапарынын алкагында билдирди.

Заводдун аянтчасында жумушчу кеңешменин алкагында Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн ишканаларынын кооперациялык кызматташтык маселелери, атап айтканда, Казакстан Республикасынын ишканаларына ЕАЭБ мамлекеттеринде өндүрүлгөн автомобиль техникасы үчүн себилдегичтерди жеткирүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Сапардын жүрүшүндө ошондой эле тармактык маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн мамлекеттик сатып алууларына казакстандык автомобиль чыгаруучу ишканалардын катышуусу, транспорт каражаттарын сертификатоо маселелери, электромобилдерди өндүрүүнү өнүктүрүүгө улуттук ишканалардын катышуу перспективалары боюнча пикир алмашуу болду.

"Биздин өлкөлөрдүн экономикасынын артыкчылыктуу секторлорун, атап айтканда, автомобиль курууну интеграциялык потенциалдын эсебинен колдоо жаңы кооперациялык долбоорлорду түзүү жана иштеп жаткан долбоорлорду тереңдетүү үчүн маанилүү шарт болуп саналат, бул экономиканын жалпы төмөндөшү жана бир катар тышкы рыноктордун жабылышы менен байланышкан учурдагы экономикалык кырдаалда өзгөчө актуалдуу", – деп белгиледи ЕЭК министри.
Маалымат

Жеңил автомобилдерди чыгаруу боюнча Hyundai Trans Kazakhstan заводу – Казакстан Республикасынын автомобиль куруу боюнча стратегиялык объектиси. Ишкана Түштүк Кореянын акыркы өндүрүштүк жабдуулары менен жабдылган. Ишканада иштин сапатынын жогорку стандарттарын тажрыйбалуу машина куруу адистери компаниянын инженерлеринин көзөмөлү астында камсыз кылышат.

2022-жылы Hyundai Trans Kazakhstan заводу 37 205 автомобиль чыгарган. 2021-жылга салыштырмалуу өндүрүштүн өсүшү 43%ды түзгөн. Алардын ичинен 82%ын ишкана өлкөнүн ички рыногуна, калган көлөмүн - КМШ өлкөлөрүнө экспортко жеткирген. Завод Hyundai автомобилдеринин тогуз моделин чыгарат - Tucson, Accent, Sonata, Elantra, Santa Fe, Palisade, Staria, i30, Bayon.

Жалпысынан, Улуттук статистика бюросунун маалыматы боюнча, 2022-жылы Казакстанда бардык типтеги транспорт каражаттарынын 113 925 бирдиги өндүрүлгөн, бул 2021-жылга салыштырмалуу 21,9%га көп. Автомобиль куруу тармагынын жалпы жыйынтыгы акчалай түрдө – 1,2 триллион теңгени түзгөн.


ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү