Жаңылыктар

21.03.2023 (Обновлено: 22.03.2023 17:48)

Михаил Мясникович Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровду туулган күнү менен куттуктады

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Россия Федерациясынын тышкы иштер министри Сергей Лавровду туулган күнү менен куттуктады.

"Эң жогорку класстагы мамлекеттик ишмер катары сиз Улуу Россиянын өнүгүшүнө жана анын кызыкчылыктарын коргоого чоң салым коштуңуз", – деп айтылат куттуктоо катында. – Сизди Россияда, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринде жакшы көрүшөт жана урматташат, Сиздин пикириңиз менен бүткүл дүйнөдө эсептешет. Сиз эң сонун жана ак ниет адамсыз!"


ЕЭК Коллегиясынын башчысы Сергей Лавровго чың ден соолук, бакубатчылык жана Россия Федерациясынын жыргалчылыгы үчүн мындан аркы ийгиликтерди каалады.