Жаңылыктар

16.12.2021 (Обновлено: 17.12.2021 16:52)

ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушту

16-декабрда Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуу 2022-жылы Евразия экономикалык бирлигинин органдарында Кыргыз Республикасынын алдыдагы төрагалык кылуу маселелерине, ошондой эле евразиялык күн тартибинин актуалдуу маселелерине арналды.

"Бүгүн биздин алдыбызда маанилүү милдет турат - пандемияга чейинки өсүү темптерине кайтып келүү жана экономикалык көрсөткүчтөрдүн мындан ары интенсивдүү өнүгүшүн камсыздоо. Бул багытта биз мүчө мамлекеттердин экономикаларын бекемдөө жана алардын шайкеш өнүгүүсүн жана жакындашуусун камсыздоо максатында, биздин интеграцияны туруктуу өнүктүрүү үчүн Бирликтин интеграциялык потенциалын жана ар бир мүчө мамлекеттин атаандаштык артыкчылыктарын толук пайдаланышыбыз зарыл", - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти. 
Садыр Жапаров ошондой эле 2022-жылы инвестициялык жана кооперациялык кызматташтыкты бекемдөөгө, транспорттук коридорлорду өнүктүрүүгө, жаңы перспективалуу рынокторго чыгуу менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасады. Мындан тышкары, Кыргызстандын Президенти климаттык күн тартибине, жашыл технологияларды киргизүүгө, электрондук коммерция чөйрөсүндө долбоорлорду ишке ашырууга, ошондой эле биргелешкен жогорку технологиялык долбоорлорду – ЕАЭБ символдорун ишке киргизүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Өз кезегинде, Михаил Мясникович Садыр Нургожоевичке ЕАЭБдин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирип, Комиссиянын 2022-жылдагы артыкчылыктуу милдеттери тууралуу маалымат берди. Михаил Мясникович ЕАЭБ органдарында Кыргыз Республикасынын натыйжалуу төрагалык кылуусуна ЕЭК Коллегиясы ар тараптуу көмөк көрсөтүүсүнө ишендирди, анын пикири боюнча, бул Кыргызстан үчүн да, жалпы Бирлик үчүн да ийгиликтүү болмокчу.

"Албетте, ЕАЭБ органдарында Кыргызстандын төрагалыгы – бул жоопкерчиликтүү милдет. Төрагалык кылган жыл Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошумча түрткү болот деп ишенем. Өзүбүз тараптан биз максималдуу аракет жумшайбыз", - деп баса белгиледи Михаил Мясникович. 

Комиссиянын Коллегиясынын Төрагасы үстүбүздөгү жылдын 11 айында Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнүн экономикалык көрсөткүчтөрүнүн оң динамикасына көңүл буруп, мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын жакшы натыйжаларын белгиледи.

Ушул эле күнү Михаил Мясникович Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен да жолугушту. Талкууланган негизги маселе - Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын жүзөгө ашыруу маселеси болду.

Арзыбек Кожошев белгилегендей, Евразия экономикалык бирлигине республиканын катышуусу өлкөнүн тышкы экономикалык саясатынын артыкчылыктуу багыты болуп саналат.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жана тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен болгон жолугушууда Михаил Мясникович Кыргызстанда өтө турган бир катар маанилүү окуяларды талкуулады: Жогорку Евразиялык экономикалык кеңеши, Евразия өкмөттөр аралык кеңеши, ошондой эле Евразия экономикалык форуму.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар тыгыз өз ара аракеттенүүнү улантуу жана евразиялык экономикалык интеграциянын бардык маселелери боюнча кызматташууну бекемдөө ниетин билдиришти.

Маалымат

15-декабрдан 17-декабрга чейин 2022-жылы ЕАЭБ органдарында Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алдында Бишкек шаарына ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин жумушчу иш сапары өтүүдө.

17-декабрда ЕЭК Коллегиясынын Төрагасынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы - Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров жана Кыргызстандын бизнес-коомчулугу менен жолугушуусу күтүлөт.