Жаңылыктар

24.01.2022 (Обновлено: 02.02.2022 16:59)

Евразия экономикалык форумдарынын алкагында ЕАЭБдин мыкты товарларынын презентациясы өткөрүлмөкчү

ЕЭК Кеңеши Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси блогунун Евразия экономикалык форумдарынын көргөзмө бөлүктөрүнүн алкагында улуттук сапат конкурстарын өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча аныкталган, Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин мыкты товарларын презентациялоо мүмкүнчүлүгү үчүн укуктук негиздерди белгилеген демилгесин колдоду.

"Мындай көргөзмөлөрдү өткөрүү Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн продукциясынын сапатын жакшыртуу жана анын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн кошумча стимулдарды түзүүгө, өндүрүүчүлөрүбүздүн товарларын Бирликтин ичинде да, экспортко да натыйжалуу илгерилетүү үчүн маалыматтык колдоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет", – деп белгиледи ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян.
Артак Камалян баса белгилеп өткөндөй, Евразия экономикалык форумдарынын алкагында ЕАЭБдин мыкты товарларынын көргөзмөсүн өткөрүү Бирликтин мамлекеттеринин улуттук сапат конкурстарынын статусун жана кызыктуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Маалымат

Евразия экономикалык форуму – ЕАЭБ органдарында төрагалык кылган Бирликтин мамлекетте жыл сайын кезек менен өткөрүлүүчү, Евразия экономикалык бирлигинин ишкердик иш-чарасы.

Форумдун максаттары – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү, анын ичинде чарба жүргүзүүчү субъектилердин ортосунда кооперациялык байланыштарды түзүү жана инвестициялык жана инновациялык потенциалдарды бириктирүүдөн синергетикалык натыйжага жетишүү, экспорттук потенциалды өнүктүрүү.

Форум ЕАЭБ өлкөлөрүнүн мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт, ошондой эле интеграциялык бирикменин туруктуу өнүгүү перспективаларын баалоо, ишкердик ишмердикти жүргүзүү шарттарын жана өнүгүүнүн андан аркы багыттарын талкуулоо үчүн аянтча катары кызмат кылат.