Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
14.06.2022

ЕАЭБдин аймагына суюлтулган көмүрсуутек газдарын алып келүүдө бажыда шайкештик жөнүндө декларацияны көрсөтүү зарыл

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы ЕАЭБдин "Отун катары колдонуу үчүн суюлтулган көмүрсуутек газдарына талаптар" техникалык регламентине карата продукциянын тизмегин бекитти. Кеп ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө ага карата техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышы текшерилген продукция жөнүндө болууда.

Тизмек техникалык регламенттин аракети жайылтылган продукцияны камтыйт: коммуналдык-тиричиликте жана өндүрүштө отун катары керектөө үчүн жана автомобилдик транспорт үчүн мотордук күйүүчү май катары колдонуу үчүн суюлтулган көмүртексуутек газдары.

Тизмек шайкештигин декларациялоого жаткан суюлтулган көмүрсуутек газдарын ЕАЭБдин бажы аймагына алып келүүдө техникалык жөнгө салуу чараларынын сакталышына контроль жүргүзүү үчүн арналган. Тизмекти пайдалануу үчүн продукциянын аталышын да, ЕАЭБ ТЭИ ТН кодун да колдонуу зарыл.