Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-декабрдагы отурумда Медициналык буюмдун каттоо досьесинин документтеринин мазмуну жана түзүмү жана аны каттоо максатында медициналык буюмдун коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүү боюнча методикалык сунуштамаларды кабыл алды.
Методикалык сунуштамалар укук колдонуу практикасын эске алуу менен медициналык буюмдардын коопсуздугуна, сапатына жана натыйжалуулугуна экспертиза жүргүзүүгө мамилелерди аныктайт, ошондой эле медициналык буюмдардын коопсуздугун жана натыйжалуулугун далилдөө жана медициналык буюмдардын коопсуздугун, сапатын жана натыйжалуулугун каттоо жана экспертизалоо эрежелерине ылайык анын каттоо досьесин даярдоо үчүн экспертизага берилүүчү медициналык буюмду өндүрүүчүнүн далил материалдарынын (документтеринин) түрүнө жана мазмунуна карата мамилелерди унификациялайт.