Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
05.08.2022

2022-жылдын I жарым жылдыгында ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүшү 1,6%га өстү

2022-жылдын январь–июнунда Евразия экономикалык бирлигинде айыл чарба продукциясын өндүрүү бардык категориялардагы чарбачылыктарда 2021-жылдын январь–июнуна салыштырмалуу 1,6%га өсүп, 39 млрд АКШ долларын түздү.

Өсүш Россияда – 2,2%га, Кыргызстанда – 2%га жана Казакстанда байкалган – 1,4%га.

Мал чарба продукциясынын негизги түрлөрүн өндүрүү көбөйгөн: союу үчүн малды жана канаттууларды өндүрүү (тирүү салмакта) – 3,4%га, сүт – 0,6%га, жумуртка – 2,5%га өскөн.

Кененирээк статистикалык маалымат статистика департаментинин баракчасында "Айыл чарба продукциясын өндүрүү" бөлүмүндө көрсөтүлгөн.