Жаңылыктар

21.06.2022 (Обновлено: 04.07.2022 17:18)

Кыргыз Республикасынын жетекчилиги Алгачкы Евразия экономикалык форумунун уюштуруучуларына ыраазычылык жарыялады

21-июнда Минскте Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2022-жылдын 26-майында Бишкекте болуп өткөн Алгачкы Евразия экономикалык форумун өткөрүү деңгээлине жогору баа берди.
"Форумду даярдоодо жана өткөрүүдө катышкандардын баарына ыраазычылыгымды билдирип, бул иш-чара экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн абдан маанилүү багыттарын талкуулоого, тажрыйба алмашууга, ишибизди талдоого жана өз ара аракеттенүүбүздү бекемдөөгө мүмкүндүк бергендигин белгилей кетким келет, – деп баса белгиледи ал. – Болуп өткөн талкуунун жүрүшүндө евразиялык интеграциянын негизги темалары боюнча Комиссиянын көңүл буруусуна жана кароосуна татыктуу болгон жөндүү сунуштар айтылды".  

Ошондой эле, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун буйругу менен Алгачкы Евразия форумун уюштурууга жана ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн Форумдун Уюштуруу комитетинин Төрагасы, ЕЭК Коллегиясынын Төрагасы Михаил Владимирович Мясниковичке, ЕЭКтин Форумду даярдоо боюнча программалык комитетинин жетекчиси, ЕЭК Коллегиясынын мүчөсү Сергей Глазьевге, ЕЭКтин Форумду даярдоо боюнча программалык комитетинин жетекчисинин орун басары Артак Камалянга жана ЕЭКтин Форумду даярдоо боюнча оперативдик штабынын жетекчиси, ЕЭКтин протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбековго ыраазычылык жарыялангандыгын билдирди.

 Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун атынан ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрүнө – Армения Республикасынын вице-премьери Мгер Григорянга, Беларусь Республикасынын Премьер-министринин орун басары Игорь Петришенкого, Казакстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – соода жана интеграция министри Бахыту Султановго, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Алексей Оверчукка, ошондой эле ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү Андрей Слепнёвго, Виктор Назаренкого, Максат Мамыткановго, Темирбек Асанбековго, Арман Шаккалиевге, Варос Симонянга жана ЕЭКтин экс-министри Руслан Бекетаевге ыраазычылык жарыяланды.