Жаңылыктар

16.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 16:22)

Аманаттарды камсыздандыруу тутумдарын жакындатуу – ЕАЭБдин жалпы каржы рыногуна карай кезектеги кадам

Евразия экономикалык комиссиясы жана Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү аманаттарды камсыздандыруу чөйрөсүндөгү мыйзамдарды шайкеш келтирүүнүн бир катар маселелери боюнча эксперттик деңгээлде келишишти жана бир катар тийиштүү сунуштамаларды даярдашты.
Бул тууралуу ЕЭК өкүлдөрү 8-9-июнда Казанда (Россия) өткөрүлгөн "Аманаттарды камсыздандыруу тутумдарын жана банктардын кудуретсиздигин жөнгө салуу режимдерин шайкеш келтирүү: Сыноолор жана мыкты иш-тажрыйба" эл аралык конференциясынын, ошондой эле Комиссияга караштуу Аманаттарды камсыздандыруу боюнча эксперттик топтун отурумунун алкагында билдиришти.

Атап айтканда, Эксперттик топтун алкагында төлөп баштоо мөөнөттөрү, камсыздандыруу компенсациясынын өлчөмү, компенсацияны аманаттын валютасында төлөө, камсыздандыруу коргоосун узартуу механизмдери ж.б. боюнча 13 эксперттик корутунду иштелип чыкты.

Россиянын "Аманаттарды камсыздандыруу боюнча агенттик" Мамлекеттик корпорациясы ЕЭК менен биргеликте уюштурган бул иш-чарага 13 өлкөнүн банк аманаттарын камсыздандыруу боюнча уюмдарынын, улуттук/борбордук банктарынын, ошондой эле эл аралык уюмдардын жана аманаттарды камсыздандыруучулардын регионалдык бирикмелеринин 100 чамасындай өкүлдөрү катышышты.

Конференцияда аманаттарды камсыздандыруу жаатындагы негизги маселелер, анын ичинде депозиттерди кепилдөө фондунун максаттуу өлчөмү, аманаттарды камсыздандыруу тутумуна катышкан банктар тарабынан төгүмдөрдү азайтуу же төлөөнү убактылуу токтотуу мүмкүнчүлүгү, аманаттарды камсыздандыруу боюнча уюмдарды каржылык колдоо механизмдери талкууланды.

Маалымат

Аманаттарды камсыздандыруу боюнча эксперттик топ 2019-жылы ЕЭКтин каржы рыноктору боюнча консультативдик комитетинин чечими менен түзүлгөн. Топтун ишинин негизги максаттары – ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарын, ошондой эле аманаттарды камсыздандыруу, банктарды ликвидациялоо, каржылык калыбына келтирүү жана банкроттугу жаатындагы мыкты эл аралык иш-тажрыйбаны талдоо, аманаттарды камсыздандыруучулардын жана борбордук банктардын ортосундагы маалымат алмашуу, каржы рыноктору боюнча консультативдик комитеттин кароосу үчүн мыйзамдарды шайкеш келтирүү боюнча сунуштарды даярдоо.