Евразиялык интеграциялык долбоор менен "Бир алкак – бир жол" кытай демилгесинин айкалышынын милдеттерине жооп берген экономикалык кызматташтыктын маанилүүлүгү жөнүндө, ошондой эле Чоң Евразия мейкиндигинде жаңы технологиялык жана дүйнөлүк экономикалык тартиптерге өтүү процесстери жөнүндө ЕЭКтин интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьев 31-майда Пекинде Жэньминь Кытай университетинин алдындагы Чонъян финансылык изилдөөлөр институтунда өткөн семинарда айтып берди.
"ЕАЭБде жетишилген интеграция деңгээли, Бирликти өнүктүрүүнүн 2030-жылга чейин жана 2045-жылга чейинки мезгилде жогорку деңгээлде макулдашылган милдеттерин чечүү аны Чоң Евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн борборуна коет", — деп билдирди Сергей Глазьев. ЕАЭБ менен БАБЖ айкалышуусу жаңы дүйнөлүк экономикалык ыңгайдын калыптанышынын өзөгү болуп калышы мүмкүн.
Семинардын жүрүшүндө ЕЭК министри дүйнөлүк экономиканын технологиялык жана дүйнөлүк чарбалык ыңгайлардын алмашуусуна байланыштуу түзүмдүк өзгөрүүлөрдүн тенденцияларын түшүндүрүп, алардын КЭРде жана жалпысынан Түштүк-Чыгыш Азияда калыптанып жаткан дүйнөлүк экономиканын жаңы борбору менен ЕАЭБдин соода-экономикалык мамилелерине таасирин көрсөттү.
Семинарда соода чөйрөсүндө учурдагы геосаясий кырдаалда төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн кыйынчылыктары менен шартталган тоскоолдуктарды четтетүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду. Санариптик инструменттерди колдонуу, адистештирилген банктарды түзүү, каржы рыногунун улуттук инфраструктураларын айкалыштыруу аркылуу аларды жеңүү боюнча сунуштар негизделди.
Глазьев белгилегендей, ЧЕӨ калыптандыруунун негизги факторлорунун бири евразия мейкиндигиндеги алдыңкы экономикалардын жана аймактык интеграциялык түзүмдөрдүн, анын ичинде ЕАЭБ, КМШ, ШКУ жана АСЕАНдын ортосунда диалогду тереңдетүү болуп саналат. Азыркы тапта эл аралык валюталык-каржылык тутумун реформалоо, маалыматтык коопсуздук, санариптик технологияларды киргизүү маселелери боюнча интеграциялар аралык диалогдун форматы жаңы дүйнөлүк экономикалык ыңгайды түзүүнүн маанилүү бөлүгү болуп калууда.
Доктор Ван Вэнь университеттин аянтчасында дүйнөлүк экономиканын келечеги үчүн жоопкерчилик жана глобалдык башкаруунун адилеттүү тутумун түзүү маселелери боюнча андан аркы талкууну жарыялады. Бул темалар КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин 16-майда Пекинде Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө айткан идеяларына шайкеш келет. Алсак, атап айтканда, Бириккен Улуттар Уюмунун, БРИКС, Шанхай кызматташтык уюмунун жана башка эл аралык көп тараптуу платформалардын алкагында тыгыз координацияны жана кызматташууну улантуу ниети ошондой эле негизги эл аралык жана регионалдык маселелер боюнча байланыштарды колдоо жөнүндө баса белгиленди, бул адилеттүү глобалдык башкаруу системасын түзүүгө көмөктөшүүдө эл аралык ролду көрсөтөт.