ЕЭКтин Бажы мыйзамдары жана укук колдонуу практикасы департаментинин директору Сергей Владимиров башында турган Евразия экономикалык комиссиясынын өкүлдөрү, 3-июлда Санкт-Петербургда өткөн ыйгарым укуктуу экономикалык операторлордун (ЫЭО) Форумуна катышышты.
Сергей Владимиров ЫЭО институту – бул бажы контролунун натыйжалуулугун жогорулатуунун универсалдуу инструменти, заманбап бажылык башкаруунун маанилүү түзүүчүсү экенин жана анда бизнес менен өнөктөштүккө өзгөчө орун бөлүнөрүн баса белгиледи.
"Биргелешкен аракеттер менен биз Евразия экономикалык бирлигинде сооданы өнүктүрүү, товар жүгүртүүнү жана андагы операторлордун үлүшүн көбөйтүү үчүн шарттарды камсыз кылышыбыз керек", – деп белгиледи Сергей Владимиров.
Форумда маселелердин кеңири чөйрөсү, анын ичинде ЫЭО институтунун негизги өнүгүү тенденциялары боюнча маселелер талкууланды. Атап айтканда, дүйнөдө жалпыга таанылган төмөн тобокелдиктин категориясы катары ЫЭО жөнүндө, бул багыттагы жаңы жөнөкөйлөштүрүүлөр жана перспективалар, товарлар жөнүндө маалыматты байкоонун элементи катары эсепке алуу тутуму жөнүндө сөз болду.
Комиссиянын өкүлдөрү эки тематикалык сессияда баяндамалар менен чыгып сүйлөп, тиешелүү программаларды өнүктүрүүдөгү эл аралык тенденциялар, ЫЭОлор үчүн жөнөкөйлөтүүлөрдү жана бул статустун жагымдуулугун кеңейтүү боюнча Бирликтин алкагында демилгелер, ошондой эле ЫЭОлордун товарларын эсепке алуу тутумуна Комиссия тарабынан иштелип жаткан типтүү талаптар жөнүндө айтып беришти.
ЕЭК өкүлдөрү иш-чаранын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришти.
2015-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келе жаткан ЫЭОлор Форуму Россиядагы ЫЭОлор ишмердүүлүгүн талкуулоо үчүн абройлуу аянтча болуп калды.
Форум – 2024кө бажы жана башка мамлекеттик органдардын, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн бизнес-коомдоштугунун өкүлдөрү болгон 100гө жакын адам катышты.