30-апрелде Евразия экономикалык комиссиясы жана жаңы долбоорлорду илгерилетүү боюнча Стратегиялык демилгелер агенттиги тарабынан уюштурулган "Жашыл Евразия" үчүнчү эл аралык климаттык конкурсуна билдирмелерди кабыл алуу аяктайт.
Азыркы учурда документтер Евразия экономикалык бирлигинин бардык беш өлкөсүнөн, ошондой эле ЕАЭБдин Кытай, Индия, Иран жана Өзбекстан сыяктуу негизги соода өнөктөштөрүнөн келип түштү. Мындан тышкары, Түштүк Африка, Эфиопия, Болгария, Молдова, Тажикстан жана Сенегалдын өкүлдөрү билдирме беришип, конкурстун географиясын кыйла кеңейген.
"Бул жылы келип түшкөн билдирмелердин сапаттык жакшырышын да белгилегим келет. Эксперттерге жана конкурстун президиумуна мыктыларын тандоо оңой болбойт: эң жогорку орундарга талапкер болуу жана дүйнөлүк деңгээлде масштабдуу болуу үчүн дээрлик бардык долбоорлор татыктуу көрүнөт", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Сынактын жеңүүчүлөрүн жана
байге ээлерин сыйлоо аземи, ошондой эле алардын долбоорлорунун бет ачары
Минскте Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешти өткөрүүгө арналган Евразия
экономикалык форумунун алкагында өтөт.