Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
18.02.2025

Медициналык антисептикалык салфеткалар боюнча тобокелдик классы төмөндөдү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша медициналык буюмдарды классификациялоо эрежелерине өзгөртүүлөрдү киргизди. Түзөтүүлөргө ылайык, медперсоналдын колдорун, операциялык жана инъекциялык жерлерди иштетүү үчүн антисептикалык салфеткалар эми 2а тобокелдик классына киргизилмекчи.

Эреженин учурда колдонуудагы редакциясында өз алдынча колдонууда дары-дармек каражаттары катары каралышы мүмкүн болгон заттарды камтыган медициналык буюмдар тобокелдиктин үчүнчү классына киргизилген. Бул эреже этил спирти менен салфеткаларга да колдонулган. Бирок бул учурда этил спирти антисептиктин функциясын гана аткаргандыктан улам, демек, дары-дармек каражаттары менен медициналык буюмдарды колдонууда болгон тобокелдиктер да жок.

Ошондуктан ЕЭК Коллегиясы медициналык антисептикалык салфеткалар боюнча тобокелдик классын төмөндөтүү жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тобокелдикке багытталган мамилени эске алуу менен мындай буюмдарды өндүрүүчүлөргө административдик жүктү азайтууга жардам берет.

Колдонуунун потенциалдуу тобокелдигине жараша медициналык буюмдарды классификациялоо Бирликтин эрежелери боюнча медициналык буюмдарды каттоо үчүн зарыл болгон документтердин тизмегине жана мазмунуна жана каттоодон кийинки мезгилдеги коопсуздукту көзөмөлдөө чараларына таасир этет. Медициналык буюмдун тобокелдик классы канчалык жогору болсо, ага талап ошончолук жогору болот.