Жаңылыктар

27.11.2022 (Обновлено: 02.12.2022 10:40)

Макей Владимир Владимировичтин дүйнөдөн кайтканына байланыштуу көңүл айтуу

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясникович ЕЭКтин жана жеке өзүнүн атынан Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Макей Владимир Владимировичтин кесиптештерине, досторуна, туугандарына жана жакындарына көңүл айтты.

"Евразия экономикалык комиссиясында Беларусь Республикасынын тышкы иштер министри Макей Владимир Владимировичтин күтүүсүз дүйнө салгандыгы, бул орду толгус жоготуу жөнүндө кабар терең кайгы менен кабыл алынды. Чыныгы патриот, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары Владимир Владимирович эл аралык аренада Мекендин улуттук кызыкчылыктарын бекем коргоо менен, беларусь дипломатиясынын, евразия экономикалык интеграциясынын өнүгүшүнө баа жеткис салым кошкон", – деп айтылат телеграммада.