Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрү тарабынан кабыл алынган экспортту жөнгө салуу чараларын жакындатуу жана ички рыноктун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу боюнча иштин алкагында, Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши катуу буудай рыногунун тең салмактуулугун камсыз кылуу үчүн мүмкүн болгон кадамдарды карап чыкты.
Азыркы тапта мүчө мамлекеттер тарабынан катуу буудайды экспорттоого карата тарифтик эмес жөнгө салуу чараларын киргизүү маселеси талкууланууда.
"Эксперттик баалоолорго ылайык, учурдагы айыл чарба жылында дүйнөлүк катуу буудай сортторун өндүрүү болжол менен 8%га төмөндөшү мүмкүн, бул рынокто тартыштыктын пайда болуу коркунучун жаратат жана социалдык жактан маанилүү тамак-аш азыктарына кирген макарон азыктарынын баасын көтөрүшү мүмкүн, – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев. – Россиялык буудайды Бирликтин башка өлкөлөрүнө ички керектөө үчүн зарыл болгон көлөмдө жеткирүүнү камсыз кылуу максатында ЕЭК Кеңеши тиешелүү тапшырманы кабыл алды".