Маалымат
2022-жылдын ноябрында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн сунуштарынын негизинде мөөнөттүү контракттар боюнча электр энергиясын борборлоштуруп сатуу үчүн ЕЭК Кеңеши үч соода аянтчасын аныктаган: Беларустун универсалдуу соода биржасы (БУСБ), Казакстандын электр энергиясы жана кубаттуулук рыногунун оператору (КЭКРО), Санкт-Петербург Эл аралык Товардык-чийки заттык биржасы (СПбЭТЧБ). Тооруктар биржалык механизмдерди, тактап айтканда, анонимдүү кош утурлама аукционду колдонуу менен электрондук соода системасында өтөт.