2022-жылдын 15-июлунда Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши айрым айыл чарба товарлары – буудай жана меслин, арпа, жүгөрү, күн карама дандары жана күн карама майы боюнча суроо-талаптын жана сунуштун 2022-2023-жылдарга карата биргелешкен индикативдик баланстарын бекитти.
Биргелешкен болжолдоолор экспортту жөнгө салуунун Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттери тарабынан кабыл алынган чараларын андан ары жакындатууга, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында ички агроөнөр жай рыногунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылууга багытталган.