Жаңылыктар

16.11.2016

ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча Адамкул Жунусовдун РусАрминфо МА берген интервьюсу: “Армения ЕАЭБтин жалпы электр энергетикалык рыногунун толук кандуу катышуучусу болуп калат”

Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри) Адамкул Жунусов Евразия жумалыгы эл аралык форумунун алкагында “РУСАРМИНФО” суроолоруна жооп берди жана Евразия биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү энергетикалык рыногуна Армениянын интеграциясынын деңгээлин баалады.​ Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча Коллегия мүчөсү (министри) Адамкул Жунусов Евразия жумалыгы эл аралык форумунун алкагында “РУСАРМИНФО” суроолоруна жооп берди жана Евразия биримдигинин (ЕАЭБ) бирдиктүү энергетикалык рыногуна Армениянын интеграциясынын деңгээлин баалады. РУСАРМИНФО: ЕАЭБ бирдиктүү энергетикалык рыногуна Армениянын интеграциясынын деңгээлин Сиз кандай баалайсыз? Жана өнүктүрүүнүн кандай объективдүү мүмкүнчүлүктөрү бар? Адамкул Жунусов: Азыркы учурда евразия мейкиндигинде бирдиктүү энергетикалык рынок жок, бирок ошол эле учурда энергетикалык ресурстардын жалпы рыногу тийиштүү концепциялардын, программалардын жана эл аралык келишимдердин негизинде бара-бара түзүлүүдө. 2015-жылдын 8-майында ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин башчылары тарабынан жалпы электр энергетикалык рынокту түзүү концепциясы бекитилген, ал эми 2016-жылдын 31-майында - ЕАЭБтин жалпы газ рыногун жана мунай жана мунай өнүмдөрүнүн жалпы рыногун түзүү концепциясы бекитилген. Бул Армения үчүн, ошондой эле мүчө мамлекеттердин бардык ээлик кылуучу субъекттери үчүн атаандаштык чөйрөсүн камсыздоого мүмкүндүк берет, бул энергоресурстарга бааларды турукташтырууга жана улуттук экономикалардын энергия менен ишенимдүү камсыздалышына өбөлгө түзөт.  Энергоресурстардын жалпы рыногу иштеген шартта Армениянын компаниялары ЕАЭБтин башка өлкөлөрүнүн кампаниялары менен катар чарба бизнесин жүргүзүүгө бирдей, басмырланбаган мүмкүнчүлүктөрдү алышат. РУСАРМИНФО: Армения ички рынок үчүн керектүү өлчөмдөн көбүрөөк электр энергиясын чыгарат.  Мындан тышкары, азыркы өндүрүлүп жаткан көлөмдү жогорулатуу мүмкүнчүлүгү бар.  Ирандын ЕАЭБ менен соода мамилелерин түзүүгө кызыгуусун эске алуу менен, Иран менен кызматташтыкты тереңдетүүнүн алкагында кошуна Иранга армян электрэнергиясынын экспортунун көлөмүн жогорулатуу мүмкүнчүлүгү ЕЭК тарабынан каралуудабы? Адамкул Жунусов: Биздин оюбуз боюнча, ЕАЭБтин жалпы электрэнергетикалык рыногун түзүүнүн жыйынтыктарынын бири, ЕАЭБтин электрэнергиясынын экспортунун потенциалын жогорулатуу болот. Анткен менен бул потенциал мамлекеттер аралык электр өткөрүү линияларынын өткөрүү мүмкүнчүлүгү менен чектелген. Жагдай ЕАЭБтин башка өлкөлөрүнүн энергосистемалары менен Армениянын энергосистемасынын электр байланышы жок болгондугу менен да татаалдашкан. Анткен менен Армения-Грузия 400-киловольттук ЭӨЛ (электр өткөрүү линиялары) курулуп бүткөрүлгөндөн кийин мындай байланыш камсыздалат, бул Армениянын электр энергетикалык компанияларына ЕАЭБтин жалпы электр энергетикалык рыногунун толук кандуу катышуусу болууга жана интеграциянын бардык потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде электр энергиясынын транзити жана экспорту чөйрөсүндө мүмкүнчүлүктөрдү жүзөгө ашырууга өбөлгө түзөт.  Евразия экономикалык комиссиясы ЕАЭБ катышуучу-өлкөлөрү менен бирдикте уюштурган иш чаранын маалыматтык өнөктөшү РУСАРМИНФО Россия-армения маалымат агенттиги болду.