Жаңылыктар

09.02.2022 (Обновлено: 21.02.2022 14:36)

ЕАЭБ өлкөлөрүнө "товарлардын сапаты" түшүнүктөрүн жакындаштыруу сунушталды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндө "товарлардын сапаты" түшүнүгүн аныктоого карата мамилелер жөнүндө" сунуштаманы бекитти.

"Сапат" түшүнүгүнө товарлардын коопсуздуктун белгиленген талаптарына, жарандык-укуктук келишимдин шарттарына, аларды пайдалануунун максаттарына, ошондой эле керектөөчүгө берилген маалыматка ылайык келишин камсыздоочу мүнөздөмөлөрдү киргизүү сунушталды.

Документтин жоболору улуттук жөнгө салууну шайкеш келтирүүгө жана Бирликте керектөөчүлөрдүн укуктарын бирдей коргоо принцибин камсыздоого өбөлгө түзөт.

Сунуштама улуттук жөнгө салуудагы азыркы айырмачылыктарды азайтуу үчүн Стратегия-2025ти ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планына ылайык даярдалган.