Отчёттун бекитилген формасы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү органдарына тамеки заттарынын өндүрүүчүлөрүнөн алардын курамы, тамекиге кошулуучу ингредиенттер, колдонулган тамеки эмес ингредиенттер, ошондой эле алар бөлүп чыгарган заттар жөнүндө маалыматтарды алууга мүмкүндүк берет.
ЕАЭБдин ар бир мамлекетинде отчёттогу маалыматтарды өткөрүп берүүнүн купуялуулугун жана сакталышын камсыз кылган электрондук тутумду иштеп чыгуу жана пайдаланууга киргизүү каралган. Алгачкы отчёттор кийинки жылда, Бирликтин өлкөлөрүндө электрондук тутум пайдаланууга киргизилгенден кийин даярдалмакчы.