Евразия экономикалык бирлигинин өлкөлөрүнүн жана Оман Султанатынын өнөр жай секторунда өз ара иштешүүсүнүн келечеги Маскат шаарында өткөн Oman Health Exhibition & Conference эл аралык көргөзмөсүнүн жана конференциясынын аянтчасында Евразия экономикалык комиссиясынын Өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнаревдун жана Оман Султанатынын Соода, өнөр жай жана инвестицияларга көмөк көрсөтүү министрлигинин жетекчилигинин жумушчу сүйлөшүүлөрүнүн негизги темасы болду.
"Өлкөнүн дары-дармектерге, фармацевтикалык препараттарга жана хирургиялык сарпталуучу материалдарга болгон керектөөсүнүн көпчүлүк бөлүгүн канааттандыруу үчүн Омандын импортко болгон көз карандылыгы ЕАЭБ мамлекеттеринин инвестициялары үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү ачышы мүмкүн, - деп баса белгиледи ЕЭК Департаментинин директору. - Евразия экономикалык комиссиясы дары-дармектерди өндүрүү, мындай өлкөлөрдөн технологиялардын жана келечектүү фармацевтикалык иштеп чыгуулардын трансферин уюштуруу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү жөнгө салуу үчүн үчүнчү өлкөлөрдүн компанияларынын компетенцияларын жана кызматташууга каалоолорун толугу менен кубаттайт".
Мындан тышкары, иш-чаранын алкагында Николай Кушнарев Ирандын Улуттук инновациялык фондунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, кесиптештери менен инновацияларды жана ойлоп табууларды илим сыйымдуу мекемелер жана компаниялар тарабынан каржылоо практикасын талкуулады.
Маалымат
Oman Health Exhibition & Conference эл аралык көргөзмөсү жана конференциясы - жыл сайын Омандагы саламаттыкты сактоо жана медицина тармагынын туруктуу өнүгүүсүн, тармактын рыноктук потенциалын жана жаңы мүмкүнчүлүктөрүн көрсөткөн эл аралык иш-чара. Oman Health Exhibition & Conference медициналык кызматкерлер, трейдерлер, өндүрүүчүлөр, кызмат көрсөтүүчүлөр жана саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызыкдар тараптар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү изилдөө, соңку технологияларды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана объектилерди көрсөтүү, соода жана инвестициялар үчүн потенциалды пайдалануу үчүн платформа болуп саналат.