Жаңылыктар

06.07.2022 (Обновлено: 22.07.2022 15:35)

ЕАЭБ өлкөлөрү өнөр жай кооперацияларын демилгелөө механизмдерин иштеп чыгууда

Евразия экономикалык бирлигинин Өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин Екатеринбургда "Иннопром-2022" эл аралык көргөзмөсүнүн аянтчасында өткөрүлгөн отурумунда өнөр жай кооперациясын демилгелөө механизмдерин иштеп чыгуу маселеси негизги темалардан болду.
Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камаляндын айтуусу боюнча, Бирликте интеграциялык долбоорлорду ишке ашыруудагы негизги маселелердин бири аларды каржылоонун жеңилдик механизмдеринин жоктугу болуп саналат. Бул маселени Бирликтин ишкердик коомдоштугунун өкүлдөрү, анын ичинде Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы да белгиледи.

Буга байланыштуу ЕЭК бул процесске ЕАӨБдү бир кыйла активдүүрөөк тартуунун, ошондой эле башка банктардын жана фонддордун каражаттарын тартуунун эсебинен кооперациялык долбоорлор үчүн каржылоонун наркын азайтуунун мүмкүн болгон механизмдерин сунуш кылды. Өнөр жайды өнүктүрүү фонду, ВЭБ, ошондой эле башка каржы институттары контрагенттер болушу мүмкүн.

Ошондой эле, Комиссиянын жана ЕАӨБдүн өз ара аракеттенүү жол-жоболорун аягына чыгара жөндөө максатка ылайыктуу. ЕАӨБдүн ишинин транспаренттүүлүгү жана долбоорлорду тандап алуу критерийлери түзөтүүлөрдү талап кылат. Учурда критерийлердин так баалоочу бөлүгү жок болуп, алар жалпы мүнөзгө ээ (анын ичинде каржылоо параметрлери боюнча) жана буга байланыштуу кооперациялык долбоорлордун перспективдүүлүгүнө жана зайым алуу шарттарынын жагымдуулугуна кепилдик бере албайт.

Мындан сырткары, азыркы учурда Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун (ЕСӨФ) мүмкүнчүлүктөрү активдүү колдонулууда. Анын иш тажрыйбасы айрым учурларда фонд өнөр жай кооперациясынын долбоорлорун каржылоо үчүн инвестициялык кредиттөө мүмкүнчүлүктөрүн колдоноорун көрсөттү.

"Учурда калыптанган экономикалык шарттарда өнөр жай кооперациясын өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнүү менен, биз субсидиялоо аспаптарын активдүүрөөк колдонууга, бардык мүмкүн болгон каржы институттарынын каражаттарын тартууга чакырабыз. Мындан сырткары, ЕАӨБ жана ЕСӨФ сыяктуу адистештирилген институттардын ишин аягына чыгара жөндөө зарыл", – деп белгиледи Артак Камалян. 

Комиссиянын каржылоо боюнча демилгелери 15-июлда Витебскте ЕЭК Кеңешинин отурумунда талкууланмакчы. Августта аны мүчө мамлекеттердин премьер-министрлери карап чыгат.Бирликтин программаларын бюджеттик каржылоо жөнүндө айтып жатып, министр 2018-жылдын февралында ЕӨАК тарабынан кабыл алынган Мамлекеттер аралык программаларды иштеп чыгуу жана каржылоо жөнүндө жобого ылайык, Бирликте космос боюнча мындай программа бекитилгендигин белгилеп өттү. Бөлүштүрүлгөн энергетика жана суперкомпьютерлер боюнча программа учурда даярдоо баскычында.  
"Бүгүнкү күндө бир да программанын ресурстук камсыздоосу жок экендигин моюнга алуу керек, – деп белгиледи Артак Камалян. – Жана бул маселени чечүү керек".
Муну менен катар Артак Камалян ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандарынын реалдуу муктаждыктарына жооп берген конкреттүү интеграциялык долбоорлордун тизмегин түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
 "Беларусь Республикасы тарабынан сунуш кылынган машина куруудагы өтмө кооперация идеясы буга негиз болушу мүмкүн, ал эми мындай долбоорлордун эң биринчи мисалдарынын бири – Бирликтин электр транспортун түзүү. Жарандарыбыз күн сайын колдонуучу инновациялык заманбап транспорт Бирликтин жаңы шарттардагы туруктуулугунун жана ийгиликтүү өнүгүүсүнүн мыкты далили болуп калмакчы", – деп ишенет министр.
Ошондой эле, Артак Камалян өнөр жай кооперациясын демилгелөөнүн каржылык эмес чаралары жөнүндө айтып берди. Атап айтканда, Бирликтин деңгээлинде ЕАЭБ мамлекеттеринде даярдалган товараларды пайдаланууну демилгелөө жана евразиялык товарларга импорттук товарларга караганда приоритет берүү боюнча норманы бекитүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сунуш кылынууда.
"Мындай мамиле рынокту евразиялык товарларга каныктырууга, ошондой эле бир мүчө мамлекеттин товар өндүрүүчүлөрүнүн башка мүчө мамлекеттердин өндүрүштүк чынжырларына жетүүсүн демилгелөөгө мүмкүндүк берет, ал эми бул Бирликтин бардык өлкөлөрү үчүн актуалдуу", – деп Артак Камалян баса белгиледи.
Бул маселе ЕЭКтин аянтчасында талкуулангандан кийин ЕАЭБде өнөр жайдын приоритеттүү жана жогорку технологиялык тармактарындагы кооперация жана импортту алмаштыруу боюнча комиссиянын кароосуна чыгарылат.

Министрдин чыгып сүйлөгөн сөзүнүн дагы бир темасы өнөр жайды мамлекеттик колдоо чөйрөсүндөгү евразиялык кызыкчылыктар болду.

Атап айтканда, улуттук өнөр жай саясаттарынын жалпы өсүш чекиттери белгиленген улуттан жогорку документти иштеп чыгуу сунуш кылынууда. Евразиялык кызыкчылыктарга, биринчи кезекте, евразиялык кошулган нарк чынжырларын түзүүдө өнөр жай ишканаларынын катышуусун демилгелөө, товарларды тышкы рынокторго илгерилетүүдө көмөк көрсөтүү, ишканалардын инновациялык ишмердигин демилгелөө, өнөр жайдын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, жашыл технологияларды өнүктүрүү, ошондой эле өнөр жайдагы санариптик трансформацияга көмөк көрсөтүү кирет.

Документ Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай кызыкчылыктарын ишке ашыруунун бирдиктүү стратегиялык векторун жана синхрондуулугун, ошондой эле тараптарды мүчө мамлекеттерде өнөр жайды мамлекеттик колдоо тутуму жөнүндө кошумча маалымдоону камсыз кылууга мүмкүндүк берет. Бул демилге ЕЭКтин аянтчасында да талкууланмакчы.

Министрлердин жолугушуусунун маанилүү натыйжаларынын бири "Жарандык учак куруу" евразиялык технологиялык платформасын түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу болду. Документке "Өнөр жайды өнүктүрүү компетенцияларынын борбору" АКэУ (Ульяновск областы, Россия Федерациясы), № 558 Учак оңдоо заводу (Барановичи ш., Беларусь Республикасы) жана "Казакстан авиация индустриясы" ЖЧШ (Нур-Султан ш., Казакстан Республикасы) кол коюшту.

"Евразиялык технологиялык платформа Евразия экономикалык комиссиясынын координациясы менен тармактык жогорку окуу жайлардын жана илимий-изилдөө институттарынын, өнөр жай ишканаларынын, ассоциациялардын, компетенттүү мамлекеттик органдардын жана өнүгүү институттарынын күч-аракеттерин бириктирүүгө мүмкүндүк берет, – деди Артак Камалян. – Үстүбүздөгү жылдын февраль айында өлкөлөрүбүздүн премьер-министрлери 2022-2023-жылдарга ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринде жарандык учак куруу чөйрөсүндө өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын бекитишти. ЕТПны түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюу аны ишке ашырууга карай дагы бир кадам болду".
Маалымат

Өнөр жай саясаты боюнча кеңеш Евразия экономикалык бирлигинин көмөкчү органы болуп саналат. Ал 2019-жылдын 29-майында Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен ЕАЭБдин мүчө мамлекеттеринин координацияланган өнөр жай саясатын ишке ашыруу, Бирликтин өнөр жай комплексинин өнүгүү стратегияларын жана багыттарын иштеп чыгуу, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны тереңдетүү боюнча натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн.

Кеңештин отурумдарына Бирликтин өлкөлөрүнүн өнөр жай министрлери жана ЕЭКтин өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Артак Камалян катышышат. 2022-жылда Өнөр жай саясаты боюнча кеңеште Кыргыз Республикасы төрагалык кылууда.
2021-жылы ЕАЭБдин өнөр жайы, коронавирус пандемиясынан улам пайда болгон төмөндөөдөн кийин калыбына келип, өнөр жай өндүрүшүнүн өсүш темптеринин жогорку маанилерин көрсөттү. Өнөр жай өндүрүшү өткөн жылга салыштырмалуу жалпысынан 5%га өскөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмдөрүнүн өсүшү Бирликтин бардык өлкөлөрүндө катталган. Өндүрүш көлөмдөрүн өстүрүү темптери боюнча лидерлердин катарына машина куруунун көпчүлүк тармактары кирет. Өндүрүш көлөмдөрүнүн эң чоң өсүш темптерин машина жана жабууларды өндүрүү (14% өсүш), автомобиль куруу (14% өсүш), эмерек өнөр жайы (11% өсүш) жана фармацевтика (11% өсүш) көрсөттү.