Жаңылыктар

01.07.2021 (Обновлено: 14.10.2021 15:36)

ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин агроиндустриясынын картасын түзүштү

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы агроиндустрияны өнүктүрүү картасын бекитти, ал агроөнөр жай тармагындагы перспективдүү долбоорлордун инвестициялык маалыматтар базасы болуп саналат.

Агроиндустрияны өнүктүрүү картасы – бул жалпы суммасы 6,5 млрд АКШ долларынан ашуунду түзгөн, агроөнөр жай комплекси чөйрөсүндөгү 70тен ашуун ири инвестициялык долбоорлордон турган маалыматтык ресурс. Картанын өсүмдүк өстүрүүчүлүк, мал чарбачылык, кайра иштетүү жана агрологистика чөйрөлөрүндө импортту алмаштыруу жана экспорт потенциалын ишке ашырууга багытталган долбоорлору эң маанилүү болуп саналат.

"ЕАЭБдин агроиндустриясын өнүктүрүү картасы колдонуучуларга АӨКтөгү инвестициялык жана интеграциялык долбоорлорду аймактык жайгаштыруу, долбоорлордун негизги көрсөткүчтөрү, маалыматты колдонуу үчүн ыңгайлуу болгон графиктер түрүндө көрсөтүү менен тармактык таандыктык жөнүндө маалымат алууга мүмкүнчүлүк берет", – деди Артак Камалян.

Ошондой эле, документ ЕАЭБде импортту алмаштыруу зарыл болгон технологиялык багыттарды жана тийиштүү долбоорлорду ишке ашырууда катышууга даяр болгон уюмдарды камтыйт. Бул маалымат Бирликтин алкагында кооперациялык өндүрүш чынжырларын түзүүгө, ошондой эле импортту алмаштыруучу өндүрүштөрдү мамлекеттик колдоо чараларын рационалдуу бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, картага Бирликте импорттун көлөмү боюнча эң маанилүү болуп саналган товардык позициялар кирди.

Картанын интерактивдүү картасы ЕАЭБдин расмий сайтында жайгаштырылат жана зарылчылыкка жараша тараптардын жаңы сунуштарына ылайык актуалдаштырылып турат.

Аталган ресурс ЕАЭБ өлкөлөрүнүн импортту алмаштыруу боюнча иш-аракеттерин координациялоо үчүн маанилүү аспап болуп калмакчы жана импорттон көз каранды технологиялык багыттарды, мүчө мамлекеттердин өндүрүүчүлөрүнүн потенциалын, Бирликте калыптанган кооперациялык байланыштарды чагылдырмакчы. Бул ЕАЭБ өлкөлөрүнө өндүрүштөрдүн кайталанышын болтурбоого жана өндүрүүчүлөрдү тармактык адистештирүү боюнча ишти баштоого мүмкүндүк берет.