Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
06.09.2022

ЕАЭБ өлкөлөрү Бирликтин учак куруу ишканалары үчүн запастык бөлүктөрдү жеткирүү жөнүндө маселени биргеликте чечишүүдө

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай саясаты департаментинин директору Николай Кушнарёв Владивостокто өткөрүлгөн VII Чыгыш экономикалык форумунун алкагында билдирди. Атап айтканда, "Тармактардын келечеги: эмнени сатып алып, эмнени өндүрүү керек? Учак куруу" деп аталган панелдик сессияда ЕЭК өкүлү учак куруу чөйрөсүндөгү кызматташтыкты активдештирүү үчүн Комиссия тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Николай Кушнарёвдун айтуусу боюнча, ЕАЭБ мамлекеттеринин президенттеринин келишкендиктерин ишке ашыруунун алкагында ушул жылдын февраль айында катышуучу өлкөлөрдүн премьер-министрлери 2022–2023-жылдарда Бирликтин мамлекеттеринде жарандык учак куруу чөйрөсүндөгү өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүү боюнча жол картасын бекитишкен. Комиссия өлкөлөр менен биргеликте тармактын абалы жана мамлекеттердин авиациялык техникага муктаждыктары жөнүндө талдамалык материалдарды актуалдаштырды, ошондой эле импорттон критикалык түрдө көз каранды болгон авиакомпоненттердин тизмектерин аныктады.

"ЕАЭБ мейкиндигинде инновациялык ишмердикти координациялоонун сыналган жана жетишерлик деңгээлде жакшы иштеген механизми болуп саналган "Жарандык учак куруу" Евразия технологиялык платформасын түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилей кетүү зарыл. Бул кооперациянын локомотиви десек да болот, – деп белгиледи Николай Кушнарёв. – Биз, өнөр жайчылар катары, бир маанилүү жооп беребиз: Евразия экономикалык бирлигинин ишканаларынын өндүрүштүк потенциалын пайдалануу Бирликтин ичиндеги кооперациялык потенциалды максималдуу иштетүүгө мүмкүндүк берет, ал эми бул импорттон көз карандылыктын азайышына алып келет".

Маалымат

Чыгыш экономикалык форуму – россиялык жана дүйнөлүк инвестициялык коомдоштуктун байланыштарын түзүү жана бекемдөө, Россиянын Ыраакы Чыгышынын экономикалык потенциалын ар тараптуу эксперттик баалоо, анын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн жана өнүгүп келе жаткан аймактарда бизнес жүргүзүү шарттарын көрсөтүү үчүн негизги эл аралык аянтча.

Форум Россия Федерациясынын Президенти В.В. Путиндин 2015-жылдын 19-майындагы указы менен Ыраакы Чыгыштын экономикасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү жана Азия-Тынч океан регионундагы эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн негизделген.