Жаңылыктар

15.06.2022 (Обновлено: 28.06.2022 12:06)

ПЭЭФ-2022де ЕАЭБде дары-дармектердин жүгүртүлүшүн жөнгө салуунун стратегиялык жана ыкчам чаралары талкууланды

ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко ПЭЭФ-2022нин алкагында өткөрүлгөн "Дары-дармектердин коопсуздугу" Россиялык фармацевтикалык форумунун "Экспорттук потенциал: ЕАЭБ жана глобалдык рынок" деп аталган сессиясында Евразия экономикалык бирлигинде дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун жөнгө салуунун ченемдик базасынын актуалдуу аспектилери, ошондой эле дары-дармектерди каттоонун жана аларды Бирликтин рыногуна чыгаруунун улуттан жогорку жол-жоболорундагы жаңылыктар жөнүндө айтып берди.

"Турмуш биздин ишибизге түзөтүүлөрдү киргизип, жаңы сыноолорду берүүдө. Биз, калктын саламаттыгы, дары-дармектердин коопсуздугу, дары-дармек каражаттарынын жеткиликтүүлүгү приоритеттерин сактоо менен, аларга тутумдук жана координацияланган негизде жооп берип жатабыз", –деди Виктор Назаренко.

ЕЭК министри Бирликтин дары-дармек каражаттарынын жалпы рыногун түзүүдө жана өнүктүрүүдө фармацевтика бизнесинин көптөгөн демилгелери эске алынгандыгы жөнүндө кеңири айтып берди.

Айрым учурларда каттоо досьелеринин документтеринин кыскартылган тизмегин берүү мүмкүнчүлүгү киргизилди, Бирликте каттоо максаттары үчүн улуттук GMP сертификаттарын көрсөтүү мүмкүнчүлүгү 2024-жылдын 31-декабрына чейин узартылды, өндүрүштөрдү валидациялоого жана аттестациялоого карата мамилелерди кеңейтүү менен GMP эрежелери актуалдаштырылды. Дары-дармектердин жалпы рыногун жөнгө салуудагы дагы бир маанилүү тренд – аралыктан өткөрүлүүчү жол-жоболорду киргизүү болуп саналат, ал эми бул каттоодо инспекциялоо жана лабораториялык экспертиза жүргүзүү жол-жоболорунун жалпы мөөнөттөрүнө оң таасир берди.

Аягында ЕЭК министри дары-дармек өндүрүүчүлөрдү, илимий жана изилдөө мекемелерин, кесиптик бизнес-бирикмелерди Комиссиянын аянтчасында атайын консультативдик органдардын – дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салууга карата жалпы мамилелерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине активдүү катышууга, ошондой эле Укук порталында жарыялануучу Комиссиянын актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоо жол-жоболорунда катышууга чакырып өттү.

ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү