Виктор Назаренко ЕАЭБ алкагында техникалык жөнгө салуунун так идентификацияланган объекттерине карата милдеттүү талаптардын толук топтомун түзүү үчүн заманбап санариптик чөйрөнү түзгөн санариптик техникалык жөнгө салуу долбоору жөнүндө айтып берди.
"Долбоорду ишке ашыруу продукциянын долбоорлоо, өндүрүү жана рынокко чыгаруу процесстерин санариптештирүүнү камсыздоо үчүн рыноктун бардык катышуучуларына санариптик сервистерге жеткилик берет", - деп баса белгиледи ЕЭК министри. - Ал эми долбоордун негизги натыйжасы - өнөр жай үчүн продукцияны, анын ичинде актуалдуу милдеттүү талаптарга жооп берген жаңы продукцияны түзүүнү жана рынокко чыгарууну тездетүү мүмкүнчүлүгү болмокчу".
Ошондой эле телекоммуникациялык инфраструктураларды өнүктүрүү жана техникалык коомдоштукту колдоо боюнча аймактык жана субрегионалдык долбоорлор, агроөнөр жай комплексинде чоң маалыматтарды колдонуу, ЕАЭБдин экосистемалык долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле Евразиянын интеграциялык долбоорлорун санариптик өлчөө маселелери талкууланды.
Мындан тышкары, 6-июнда ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Белорус мамлекеттик техникалык университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн лекция өткөрүп, анда ЕАЭБдеги техникалык жөнгө салуунун бирдиктүү тутумунун негизги аспектилери туурасында маалымдап жана студенттердин суроолоруна жооп берди.