Қаріп өлшемі: A A A
Сайттың түсі: C C C
Сайттын кадимки версиясы
Выберите язык
01.07.2021

Темирбек Асанбеков ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп дайындалды

Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечими менен 2021-жылдын 30-июнунан тарта Евразия экономикалык комиссиясынын Кыргыз Республикасынан министри болуп Темирбек Асанбеков дайындалды. Анын компетенциясына Евразия экономикалык бирлигиндеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелери кирмекчи.

Темирбек Асанбеков Комиссиядагы бул кызматка Эмиль Кайкиевдин ордуна дайындалды.

ЕЭКтин жаңы министринин ишкердик ишмердик чөйрөсүндө олуттуу жетекчилик иш тажрыйбасы бар. 2010-жылы ал "Кыргызстандыктарды коргоого жана колдоого көмөк көрсөтүү борбору" КэИни негиздеген (Москва ш.). Москва ш. "Евразия экономикалык илимпоздор клубу" ассоциациясынын (Россия) мүчөсү, экономикалык клубдун координациялык кеңешинин курамына кирет.

2010-2021-жылдар аралыгында Кыргызстандын "Мекен Ынтымагы" партиясынын лидери болуп турган.