Евразия экономикалык бирлиги боюнча айыл продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын индекси 2024-жылдын февралында 2023-жылдын февралына салыштырмалуу 107,5%ды түзгөн.
Өсүмдүк өстүрүүчүлүк продукцияларын өндүрүүчүлөрдүн баалары 2%га, мал чарба продукциялары – 11,5%га өскөн.
Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрдүн бааларынын Арменияда (11%га), Беларуста (2,4%га) жана Казакстанда (4,1%га) төмөндөшү байкалган. Ошол эле учурда Кыргызстанда (0,6%га) жана Россияда (11,2%га) баалардын өсүшү катталган.
Кененирээк статистикалык маалымат ЕЭКтин Статистика департаментинин баракчасында "ЕАЭБде айыл чарба продукциясынын өндүрүүчүлөрүнүн баалары жөнүндө"
бөлүмүндө көрсөтүлгөн.