Жаңылыктар

19.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 10:26)

Товарлардын келип чыккан өлкөсүн аныктоонун жеңилдетилген жол-жобосу ЕАЭБдин эркин соода боюнча өнөктөштөрүнө жайылтылмакчы

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши ЕАЭБде алар менен эркин соода жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн өлкөлөрдөн алып келинген товарлардын чыгарылган өлкөсүн документалдык түрдө тастыктоо жол-жобосун жеңилдетүү жөнүндө чечим кабыл алды. Тарифтик преференцияларды алуу үчүн товарлардын келип чыгышы жөнүндө сертификаттардын көчүрмөлөрүн пайдалануу мүмкүнчүлүгү убактылуу негизде камсыз кылынмакчы.

"Буга чейин Комиссия өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн алып келинген товарларга карата процессти жеңилдеткен эле. Эми товарлардын келип чыгышы жөнүндө документтердин көчүрмөлөрүн колдонуу мүмкүнчүлүгү биздин эркин соода боюнча өнөктөштөрүбүзгө да берилмекчи", – деп түшүндүрдү ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнёв.

Буга чейин ал учурдагы тышкы басым жагдайында бизнеске болгон ар кандай административдик жүктөмдөрдү азайтуу зарыл деп белгилеген эле. Бүгүнкү чечимге окшош чечимдерди кабыл алуу экономикалык операторлор өздөрүнүн тышкы соода ишмердигин жүргүзүүдө туш келген кыйынчылыктарды жоюуга мүмкүндүк берет.

"Евразия экономикалык бирлигинин эркин соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүнөн преференциалдык импорттун чоң бөлүгүн – өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөй эле – тамак-аш азыктары түзөрүн баса белгилей кетким келет. Ошондуктан Кеңештин чечими ЕАЭБ мамлекеттеринин азык-түлүктүк стабилдүүлүгүн камсыз кылууга өбөлгө түзөт", – деп Андрей Слепнёв баса белгиледи.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет жана 2023-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.

Маалымат

Өнүгүп келе жаткан жана аз өнүккөн өлкөлөрдөн алып келинген товарлардын келип чыгышын документалдык түрдө тастыктоо жол-жобосу ЕЭК Кеңешинин 2022-жылдын 17-мартындагы № 33 чечимине ылайык жеңилдетилген.