Жаңылыктар

17.02.2023 (Обновлено: 21.02.2023 16:37)

ЕАЭБ органдарында россиялык төрагалыктын приоритеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ЕЭКтин иш-аракеттер планы бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын Төрагасы Михаил Мясниковичтин буйругу менен Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Төрагасы, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Евразия экономикалык бирлигинин мамлекеттеринин башчыларына кайрылуусунда баяндалган россиялык төрагалыктын приоритеттерин жүзөгө ашыруу боюнча ЕЭКтин иш-аракеттер планы бекитилди.

Иш-аракеттер планында 12 милдет аныкталган, аларды ишке ашыруу үчүн Комиссия ЕАЭБ өлкөлөрү менен биргеликте 2023-2027-жылдары 80ге жакын иш-чараларды аткарууну пландаштырууда. 

Атап айтканда, Комиссия жана Бирлик өлкөлөрү төмөнкү милдеттерди аткарышы керек:

- ЕАЭБдин 2024-жылга карата эл аралык ишмердүүлүгүнүн Негизги багыттарын түзүү боюнча иштин алкагында Бирликтин дүйнөлүк жана регионалдык позициясы боюнча максаттуу багыттарын актуалдаштыруу;

- Евразия экономикалык бирлигинин алкагында өнөр жай кызматташтыгы үчүн экономикалык ишмердиктин артыкчылыктуу түрлөрүндө алдыңкы илимий-технологиялык чечимдерди иштеп чыгууда жана ишке жайылтууда кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө сунуштарды даярдоо;

- 2030 жана 2045-жылдарга чейинки мезгилде интеграциялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын аныктаган узак мөөнөттүү пландоонун жаңы документтерин даярдоо жөнүндө маселени иштеп чыгуу;

- Евразия экономикалык бирлигин узак мөөнөттүү мезгилге илимий-техникалык өнүктүрүүнүн стратегиялык программасын иштеп чыгууну камсыздоо;

- евразиялык интеграциянын символу болууга жөндөмдүү биргелешкен масштабдуу жогорку технологиялык долбоорлордун тизмесин иштеп чыгуу;

- 2027-жылга чейин Евразия экономикалык бирлигинин интеграцияланган маалымат тутумун өнүктүрүүнүн Максаттуу программасын ишке ашырууну камсыздоо;

- азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө жана айыл чарба тармагын андан ары өнүктүрүүгө багытталган чаралардын кеңири комплекси боюнча сунуштарды даярдоо;

- Евразиялык рейтинг агенттигин түзүү мүмкүнчүлүгү маселесин иштеп чыгуу;

- 2024-2026-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин мүчө мамлекеттеринин координацияланган (макулдашылган) транспорт саясатынын негизги багыттарын жана этаптарын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралар планын ("жол картасын") даярдоо;

- ШКУ, АСЕАН, КМШ, МЕРКОСУР жана башка регионалдык экономикалык бирикмелер сыяктуу тышкы өнөктөштөр менен кызматташтык жөнүндө кол коюлган документтердин негизинде системалуу диалог түзүүнү камсыздоо.

Мындан тышкары, башка иш-чаралардын кеңири тизмеги пландаштырылган.

Комиссиянын Коллегиясы иш-аракеттердин планынын жүзөгө ашырылышына мониторинг жүргүзүүнү туруктуу негизде камсыздайт.