Жаңылыктар

14.05.2024

Өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелеринин жаңы редакциясы бекитилди

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдөн – Евразия экономикалык бирлигинин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун пайдалануучулардан товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелерин модернизациялоо чечимин кабыл алды.

Жаңыланган редакция комплекстүү түзөтүүлөрдүн топтомун камтыйт, аларда товарлардын өндүрүлгөнүн документтик тастыктоо тартибин өркүндөтүү, импорттоочулар тарабынан тарифтик преференцияларды алуу үчүн шарттарды жөнөкөйлөтүү, бенефициар-өлкөлөр менен административдик кызматташтык жөнүндө жоболорду оптималдаштыруу, ошондой эле беш жылда калыптанган укук колдонуу практикасын эске алуу менен даярдалган бир катар башка өзгөртүүлөр камтылган.

Атап айтканда, тарифтик преференцияларды алууга талапкер товарлардын келип чыгышын, анын түп нускасынын ордуна товардын чыккан жери жөнүндө документтин көчүрмөсү менен тастыктоо мүмкүнчүлүгү туруктуу негизде белгиленет. Мындан тышкары, ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонуучу-өлкөлөрдө катталган жактардан гана товарларды милдеттүү түрдө сатып алуу жөнүндө талап жоюлду.

"Кабыл алынган чечим Бирликте колдонулган эрежелерди сооданын заманбап шарттарына адаптациялоо жана ЕАЭБ мүчө мамлекеттеринин бажы органдарына жеткирилүүчү товарлардын преференциалдык келип чыгышын ырастоо менен болгон кыйынчылыктарды минималдаштыруу боюнча таасирдүү чара болуп саналат", – деп белгиледи ЕЭКтин соода боюнча министри Андрей Слепнев.
Ал кошумчалагандай, көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр Бирликтин начар өнүккөн өлкөлөрдү колдоо чараларын ишке ашыруу боюнча ырааттуу ишинин уландысы болуп саналат, алардын зарылдыгы Дүйнөлүк соода уюмунун аянтчасында дайыма талкууланып турат.

Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 60 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Маалымат

Өнүгүп келе жаткан жана начар өнүккөн өлкөлөрдөн товарлардын келип чыгышын аныктоо эрежелери Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2018-жылдын 14-июнундагы № 60 чечими менен бекитилген.

ЕАЭБдин тарифтик преференцияларынын бирдиктүү тутумун колдонуучу-өлкөлөрдүн тизмелери Бажы бирлигинин Комиссиясынын 2009-жылдын 27-ноябрындагы № 130 чечими менен белгиленген.

Тарифтик преференциялар берилүүчү товарлардын тизмеги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 13-январындагы № 8 чечими менен бекитилген.