Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн отурумунда Евразия экономикалык бирлигинин мамлекет башчылары 2024-жылга карата ЕАЭБдин эл аралык ишмердигинин негизги багыттарын бекитишти.
Документте белгиленгендей, 2024-жылы КМШ мамлекеттери жана башка жакынкы чет өлкөлөр менен өз ара аракеттенүү, Бирликке караштуу байкоочу мамлекеттер – Куба жана Өзбекстан менен кызматташтыкты өнүктүрүү сыяктуу багыттар, Чоң Евразиялык өнөктөштүк идеясынын контекстинде экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн Шанхай кызматташтык уюму (ШКУ), Түштүк-Чыгыш Азия мамлекеттеринин Ассоциациясы (АСЕАН), БРИКС өлкөлөрү жана Борбордук Азиянын жана Жакынкы Чыгыштын башка мамлекеттери жана интеграциялык бирикмелери менен системалуу диалогду өнүктүрүү Бирлик үчүн артыкчылыктуу болмокчу.
Ошондой эле артыкчылыкта – мүчө мамлекеттердин экспорттук потенциалын ишке ашырууга көмөктөшүү, глобалдык транспорттук катнаштар тутумунун курам бөлүгү катары евразиялык транспорттук коридорлорду өнүктүрүү, соода жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүнү жана ички тоскоолдуктарды четтетүүнү кошкондо бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана башкалар.
Бирликтин негизги күч-аракеттери буга чейин түзүлгөн кызматташуу механизмдерин өнүктүрүүгө, анын ичинде түзүлгөн меморандумдардын, декларациялардын жана соода макулдашууларынын алкагында кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталат. Буга документтин биринчи бөлүмү арналган. Эл аралык уюмдардын арасында Бириккен Улуттар Уюму (БУУ), анын ичинде анын аймактык комиссиялары, Дүйнөлүк бажы уюму (ДБУ), Дүйнөлүк соода уюму (ДСУ) жана башкалар, аймактык бирикмелердин арасында КМШ, ШКУ, АСЕАН, Түштүк Америкалык жалпы рынок (МЕРКОСУР), Африка бирлиги жана башкалар белгиленген. Евразиядагы, Африкадагы, Латын Америкасындагы, Жакынкы Чыгыштагы негизги өнөктөш-мамлекеттер, ошондой эле соода-экономикалык кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Кытай, преференциялык соода макулдашууларына ылайык Вьетнам, Сербия, Сингапур жана Иран менен өз ара аракеттенүүгө басым жасалат.
Документтин экинчи бөлүмүндө эл аралык кызматташтыктын потенциалдуу келечектүү багыттары белгиленген. Корутунду бөлүк Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды камтыйт.
Маалымат
ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгү ЕАЭБ жөнүндө келишимдин 7-беренесине жана Евразия экономикалык бирлигинин Эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу тартибине ылайык жүзөгө ашырылат. Тартиптин 5-пунктуна ылайык, Бирликтин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары түзүлөт.
ЕЭК эл аралык уюмдар менен 45тен ашык меморандумдарды жана үчүнчү өлкөлөрдүн өкмөттөрү, министрликтери жана ведомстволору, ошондой эле аймактык интеграциялык жана мамлекеттер аралык бирикмелер менен соода макулдашууларын кошкондо 50гө жакын документтерге кол койгон.