Жаңылыктар

19.05.2022 (Обновлено: 27.05.2022 10:10)

ЕЭК региондор аралык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча алгачкы семинарды өткөрдү

12-13-майда Сюник областынын Капан шаарында (Армения Республикасы) өткөрүлгөн семинарда "бешилтиктин" өлкөлөрүнүн өкүлдөрү Евразия экономикалык бирлигиндеги региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыктын жана региондордун жашыл экономика жаатындагы өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Семинардын модератору, Евразия экономикалык комиссиясынын макроэкономикалык саясат департаментинин директору Аскар Джаппаркулов баса белгилеп өткөндөй, региондор аралык өз ара аракеттенүү улуттук жана дүйнөлүк экономиканын жана сооданын иштөөсүнүн жана өнүгүүсүнүн негизи болуп саналат. Региондордун ортосундагы байланыштардын начарлашы, чек ара аралык сооданын басаңдашы атаандаштык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана өндүрүштүк потенциалдын азайышына, жалпы эле региондордун жана өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнүн басаңдашына алып келет.

Армения Республикасынын Сюник областынын губернатору Роберт Гукасян, өз кезегинде, региондордун ортосундагы түздөн-түз диалог региондорго жалпы эле региондун бизнесинин жана экономикасынын өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат деп белгиледи.

Армения Республикасынын аймактык башкаруу жана инфраструктуралар министринин орун басары Ваче Тертерян регионалдык өндүрүштү жана экспортту өнүктүрүү үчүн ЕАЭБдин мүмкүнчүлүктөрүн активдүү пайдалануу зарыл, жергиликтүү бизнес ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрү жана инвесторлору менен кооперациялык байланыштарды түзүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

ЕЭК өкүлдөрү семинардын катышуучуларына Бирликте региондорду жана бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып беришти, ал эми Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер агенттигинин (СДА) өкүлдөрү региондордун инвестициялык жагымдуулугун баалоого карата мамилелерин презентациялашты, андан кийин Армениянын региондорунан ишкерлер өздөрүнүн суроолоруна жооп ала алышты.

Армениянын марздарынын (областтарынын) өкүлдөрү Сюник, Гегаркуник, Лори, Вайоцдзор,Арагацотн жана Котайк марздарынын органикалык айыл чарбаны, жаңыланма энергиянын өндүрүшүн (жылына 300 күндөн ашык күн тийип турган жагымдуу климаттан улам күн панелдерин орнотуу экономикалык жактан максатка ылайыктуу), рекреациялык жана ден соолукту чыңдоо комплекстерин, маалыматтык-телекоммуникациялык технологияларды өнүктүрүү жагындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдашты жана жаңы кооперациялык долбоорлорду түзүүгө кызыкдарлыгын билдиришти. Армения Республикасынын аймактык башкаруу жана инфраструктуралар министрлигинин өкүлдөрү, өз кезегинде, мамлекеттин регионалдык өнүгүүнү камсыз кылуудагы тажрыйбасы жана мамилелери жөнүндө айтып беришти.

Семинардын катышуучулары регионалдык өндүрүүчүлөрдүн продукциясынын көргөзмөсүнө, ошондой эле Сюник областынын учурда иштеп жаткан өндүрүштөрүнө барышты. Өндүрүлгөн товарлардын ассортименти кеңири: сүт жана эт продукциясы, органикалык косметика, спаржа, курулуш материалдары (табигый таштан капталуучу материалдарды өндүрүү), кийим, үй үчүн текстиль, бал, кургатылган мөмө-жемиштер, суусундуктар, консерва азыктары. Тараптар ЕАЭБдин масштабында экспортту жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

"Жашыл төңкөрүш": региондор үчүн мүмкүнчүлүктөр жана перспективалар" деп аталган тематикалык семинардын алкагында жашыл технологиялар жана жашыл экономика принциптерин киргизүү чөйрөсүндөгү кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Катышуучулар ЕАЭБде жашыл экономикага акырындык менен, өлкөлөрдүн улуттук кызыкчылыктарын жана региондун өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык аспектилерин эске алган долбоордук мамилени ишке ашыруу аркылуу өтүү керек деп белгилешти.

ЕЭК, региондор аралык соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча тутумдук ишти түзүү үчүн, регионалдык администрациялардын өкүлдөрүн тартуу менен семинардын катышуучуларынан келип түшкөн бардык сунуштарды жалпыламакчы.

Семинардын материалдары: Армавир областы, Вайоцдзоробласты, Котайк областы, Лори областы, Сюник областы, Ширак областы

Маалымат

Семинардын уюштуруучусу – Евразия экономикалык комиссиясы, Армения Республикасынын Аймактык башкаруу жана инфраструктуралар министрлиги, Армения Республикасынын Сюник областынын администрациясы жана Капан шаарынын мэриясы. 

Иш-чарага ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын өкүлдөрү, Армения Республикасынын Сюник, Гегаркуник, Лори, Вайоцдзор, Арагацотн жана Котайк марздарынын, Аймактык башкаруу жана инфраструктуралар министрлигинин, Жогорку технологиялык өнөр жай министрлигинин, Армения Республикасынын Айлана-чөйрө министрлигинин, Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер агенттигинин, бизнес-коомдоштуктардын өкүлдөрү ж.б. катышышты.

Семинардын негизги максаты – тажрыйба алмашуу жана ЕАЭБдин алкагында региондор аралык кызматташтыкты активдештирүүгө карата мамилелерди иштеп чыгуу (Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планынын 6.1.4-пунктун ишке ашыруу), ошондой эле Армениянын жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүнүн региондорунун экономикалык потенциалын эске алуу менен ЕАЭБде жашыл экономиканы өнүктүрүү (8.3.1, 8.3.2, 8.3.4, 8.3.5, 8.3.7-пункттар).


ЕЭКтин Протокол жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин маалыматтык камсыздоо бөлүмү