Маалымат
2022-жылдын 25-26-августта Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл областынын Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух Ордо" маданий борборунда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин отуруму менен учурлаш өткөрүлүүчү "Келечек" КМШ жана ЕАЭБ Жаштар форуму өтүп жатат.
Форумга 250 ашуун делегаттар – Евразия экономикалык бирлигинен жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинен жаш ишкерлер, мамлекеттик кызматкерлер, креативдүү жаштардын өкүлдөрү, жаш дипломаттар, студенттер катышышты.
Форумдун максаты – мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана евразиялык интеграция идеясын популярдаштыруу. Форум жаштардын өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө, демилгелерди ишке ашыруу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө, жаш муундун өкүлдөрүнүн социалдык жана кесиптик өзүн-өзү өнүктүрүүсүнө багытталган.