Евразия экономикалык комиссиясынын Макроэкономикалык саясат департаментинин директору, семинардын модератору Аскар Жаппаркулов баса белгилегендей, COVID-19дан оңоло элек дүйнөлүк экономика геосаясий чыңалуудан, санкциялардан, технологиялык өзгөрүүлөрдөн жана энергетикалык алмашуудан улам жаңы чакырыктарга туш болду. Материалдык-техникалык жактан камсыз кылууда олуттуу маселелер пайда болду, мунун натыйжасында жабдуунун жеткирүү наркы кыйла жогорулады. Орусияга каршы санкциялар дүйнөлүк рыноктордогу кырдаалды биротоло өзгөрттү.
«Биринчи кезекте азык-түлүк товарларына жана күйүүчү майга болгон баалар өтө тездик менен өсүп жатат. Көптөгөн өлкөлөрдө 30-40 жылда рекорддук инфляция катталган. Инфляциянын өсүшүнө жооп катары борбордук банктар акча-насыя саясатын катаалдатып жатышат: борбордук банктардын 75% жакыны жыл ичинде коюмдарды жогорулатышты», - деди Аскар Жаппаркулов.
Мамлекеттер аралык банктын вице-президенти Игорь Чумаковский өз кезегинде бардык чөйрөлөрдө – экономикалык, каржылык, төлөм жана башкалардагы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикалык коопсуздугун камсыздоо маселелерин чечүү маанилүү экенин белгиледи. Ал мамлекеттик органдардын, илимий чөйрөнүн жана бизнестин өз ара тыгыз аракеттенүүсүнүн зарылдыгын белгиледи.
Семинардын катышуучулары мамлекеттердин жана интеграциялык бирикмелердин деңгээлинде мүмкүн болуучу дүйнөлүк рецессиядан чыгуу жолдорун талкуулашты.
Бириккен Улуттар Уюмунун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын глобализация жана өнүгүү стратегиялары бөлүмүнүн башчысы Игорь Паунович бул көйгөйдү чечүү боюнча өзүнүн көз карашын билдирди: «Бизге бардык адамдардын бакубат жашоосун камсыз кылган жаңы өнүгүү үлгүсү керек. Бул үлгүнүн өзөгүн экономиканы көмүртексиздендирүүгө негизделген фундаменталдуу социалдык-экономикалык өзгөртүү, масштабдуу мамлекеттик жана жеке менчик инвестицияларды коомдун жыргалчылыгына багыттоо түзөт".
БУУнун Соода жана өнүктүрүү боюнча конференциясынын макроэкономика жана өнүктүрүү саясаты бөлүмүнүн башчысы Анастасия Несветайлова инфляцияга каршы негизги курал катары тандалган пайыздык коюмдарды жогорулатуу азыркы кырдаалда тескери натыйжа берерин кошумчалады.
«Бүгүнкү күндө инфляциянын түзүмү сурам жана сунуш факторлорун, ошондой эле рыноктордогу корпоративдик көзөмөлгө жана финансылык спекуляцияга байланышкан факторлордун тобун камтыйт. Жогорку тарифтер сунуш байланыштарынын үзгүлтүккө учурашын жана корпорациялардын жана банктардын жүрүм-турумун чече албай эле калбастан, бул көйгөйлөрдү ого бетер курчутат. Демек, фискалдык колдоо стратегиясын, керектөөчүлөрдүн укугун коргоо чараларын жана бааларды коюуну конртролдоону камтыган жөнгө салуу чараларынын комплекстүү топтому дүйнөлүк экономиканы 2023-жылдагы рецессиядан сактап кала алат», - деп ишенет серепчи.
Евразия өнүктүрүү банкынын Интеграцияны изилдөө борборунун жетекчиси Антон Малахов жаңы шарттарда Евразия регионундагы транспорттук байланыш конфигурациясынын өзгөрүшү, ошондой эле катышуучуларынын бири Армения болгон "Түндүк-Түштүк" эл аралык транспорт коридорунун натыйжалуулугун жогорулатуу чаралары жөнүндө айтып берди.
«ЕАӨБ жаңы изилдөөсүнүн алкагында бул коридорду өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорлордун маалыматтар базасы топтолду, ага жалпы суммасы 38 миллиарддан ашык АКШ долларын түзгөн 100 ашуун долбоор кирет", – деп Антон Малахов семинардын катышуучуларына айтты.
Семинардын жүрүшүндө санкциялардын шартында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, инфляциянын жана белгисиздиктин жогорку деңгээлинде экономикалык өсүүнү демилгелөө ыкмалары сыяктуу маселелер каралды. Баяндамачылар транспорт чөйрөсүндө аймактык кызматташтыкты жана мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү, каржы жана төлөм секторун трансформациялоо, ЕАЭБ алкагында товарлардын уюшкан тооруктарын өнүктүрүү жана компаниялардын учурдагы шарттарда экологиялык принциптерге берилгендиги тууралуу айтып беришти. Ошондой эле маалыматтык жана технологиялык коопсуздукка көңүл бурулду.
Москва шаарынын инвестициялык жана өнөр жай саясаты боюнча башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Эмиль Петросян аймактык кызматташтыкка токтолуп, инвесторлорго жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
«Учурдагы экономикалык жактан оор жана туруксуз мезгилде Москва инвесторлорго, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келген инвесторлорго шаарда долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болуп көрбөгөндөй колдоо чараларын көрсөтүүгө даяр: финансылык жана мүлктүк колдоо (жер участогун берүү), атайын экономикалык аймакта локалдаштыруу, продукцияны кепилденген сатуу, инвесторлорду “бир терезе” режиминде колдоо жана башкалар. 2019-жылдан бери Москва да шаардын аймактарында, ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн региондорунда да туруктуу өнүгүү долбоорлорун жигердүү илгерилетип жатканын белгилейм», — деди Эмил Петросян.
Россия Федерациясынын Стратегиялык демилгелер боюнча агенттигинин башкы директорунун кеңешчиси Антон Москаленков ЕАЭБ алкагында кооперацияны кеңейтүү жана технологиялык жана кадрдык суверенитетти, мамлекетти жөнгө салуу тутумунун ийкемдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү зарылчылыгы тууралуу пикирин билдирди.
«Агенттик Евразия экономикалык комиссиясы менен бирге стратегиялык демилгелердин жана өнүктүрүү институттарынын евразиялык консорциумун түзүү идеясын колдойт. Тажрыйба жана мыкты тажрыйба алмашуудан тышкары биргелешкен ишмердик натыйжаларынын бири ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн ОЭСР, ВБ жана ЮНКТАДдын учурдагы мамилесинен айырмаланган жаңы инвестициялык парадигманы түзүү болушу мүмкүн. Бул контекстте улуттук экономикалар тараптан жетиштүү сурамдардын калыптанышы ЕАЭБге инвестицияларды тартуунун негизги фактору болушу керек», — деди Антон Москаленков.
Жыйынтыктап айтканда, семинардын катышуучулары бизнестин жана коомдун кызыкчылыктарына жооп берген жана адамдык потенциалды ачууга, өлкөлөрүбүздүн калкынын жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатууга көмөктөшүүчү туруктуу өнүгүүнү камсыздоо маселелери боюнча тең салмактуу позицияны түзүү зарылчылыгы жөнүндө бир пикирге келишти.
«Комиссия өзүнүн улуттар аралык мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, тараптар, эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер менен тыгыз кызматташтыкта бул багытта иштөөнү жигердүү улантып, алынган натыйжаларды ЕАЭБ деңгээлинде узак мөөнөттүү стратегиялык пландаштыруу документтерине киргизет», - деп жыйынтыктады. Аскар Жаппаркулов.