Жаңылыктар

23.08.2022

ЕАЭБде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо механизмдери жактырылды

Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясы 23-августта Евразия экономикалык бирлигинде техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү стандартташтыруу боюнча иштерди координациялоо боюнча сунуштаманы кабыл алды.

Сунуштамаларга буга чейин Бирликте жөнгө салынбаган бир катар жол-жоболорду камтыган, ЕАЭБде стандартташтыруу чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо боюнча колдонмо кирет. Атап айтканда, ага ЕАЭБдин техникалык регламенттерине карата мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча программаны даярдоо жана бекитүү, ошондой эле мамлекеттер аралык стандарттарды пландаштырууда жана иштеп чыгууда (өзгөртүүлөрдү киргизүүдө, кайра кароодо) стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын өз ара аракеттенүүсү кирет.

ЕАЭБде стандартташтырууну өнүктүрүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерди ишке ашыруу жана мүчө мамлекеттерде инновациялык жана жогорку технологиялык продукцияны өндүрүү үчүн стандартташтыруу боюнча органдардын ЕАЭБде бул тармакты өнүктүрүүнүн багыттарын жана перспективаларын аныктоо, Бирликтин өлкөлөрүнүн стандартташтыруу, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн улуттук мыйзамдарын өркүндөтүү жана шайкеш келтирүү боюнча макулдашылган иш-аракеттерин ишке ашыруунун натыйжалуу механизмдерин түзүү боюнча өз ара аракеттенүүсү жана башка маалыматтык өз ара аракеттенүүсү каралган.

"Сунуштаманын жоболорун колдонуу ЕАЭБде стандартташтыруу чөйрөсүнүн өнүгүшүнө, Бирликтин техникалык регламенттеринин, ошондой эле прогрессивдүү эл аралык жана регионалдык стандарттардын колдонулушун камсыз кылуу боюнча иштерди тутумдук пландаштырууга өбөлгө түзөт", – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко.
Маалымат

Сунуштама стандартташтыруу чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо механизмдерин сыноого мүмкүндүк берет, алар Бирликтин алкагында стандартташтыруу чөйрөсүндөгү иштерди координациялоо тартибинин Комиссия тарабынан бекитилишине алгачкы кадам болуп калмакчы. Мындай тартипти иштеп чыгуу Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2020-жылдын 11-декабрындагы № 12 чечими менен бекитилген Евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки стратегиялык багыттары менен каралган.