Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндө инспекциялоочу уюм боло ала турган субъектилерди тактады.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2017-жылдын 10-ноябрындагы № 106 чечими менен бекитилген Аларды колдонуунун потенциалдуу тобокелдиктерине жараша медициналык буюмардын сапатын башкаруу тутумун аракетке киргизүүгө, колдоого жана баалоого карата талаптарда "инспекциялоочу уюм" түшүнүгүнүн аныктамасы өзгөртүлдү. Аталган өзгөртүүнү эске алуу менен, инспекция ЕАЭБ өлкөсүнүн медициналык буюмдарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органы тарабынан же анын ведомстволук уюму тарабынан жүргүзүлөт.
"Медициналык буюмдардын өндүрүшүн инспекциялоо ЕАЭБде аракеттенген медициналык буюмдардын жүгүртүлүшүн жөнгө салуу тутуму менен каралган, – деп белгиледи ЕЭКтин техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко. – Мындан сырткары, бул жол-жобо медициналык буюмдарды Бирликтин рыногуна чыгаруунун маанилүү баскычы болуп саналат".
Аталган өзгөртүү ЕАЭБ мамлекеттеринин медициналык буюмдардын өндүрүшүн инспекциялоонун натыйжаларына өз ара ишеним деңгээлин жогорулатат жана ЕАЭБдин алкагында медициналык буюмдардын жеткиликтүүлүгүнө оң таасир тийгизет.