Жаңылыктар

04.10.2023

ЕАЭБде жашыл экономиканын статистикасын түзүү пландаштырылууда

Евразия экономикалык бирлигинде жашыл экономика боюнча биринчи статистикалык жыйнак 2024-жылы чыгарылышы мүмкүн. 2-октябрда Евразия экономикалык комиссиясынын интеграция жана макроэкономика боюнча министри Сергей Глазьевдин төрагалыгы алдында өткөн Статистика боюнча консультативдик комитеттин отурумунун катышуучулары жашыл экономика статистикасын түзүү жана жайылтуу мүмкүнчүлүктөрүн жана статистика чөйрөсүндө евразиялык интеграцияны өнүктүрүүнүн башка маселелерин талкуулашты.

 

Отурумдун катышуучулары 2021-2025-жылдарга Евразия экономикалык бирлигинин статистика чөйрөсүндө интеграцияны өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча, 2024-жылга карата мамлекеттер менен макулдашылган иш-аракеттер планын бекитишти, ошондой эле ЕЭКтин Статистикалык иштер программасынын долбоорун, Бирлик өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары тарабынан Комиссияга берилүүчү статистикалык көрсөткүчтөрдүн тизмесин жана форматтарын жактырышты.

Мындан тышкары, ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматтарынын сапат менеджментинин тутумун түзүү маселелери каралды. Сапат боюнча биринчи отчетту 2024-жыл үчүн даярдоо пландаштырылууда.

Консультативдик комитеттин мүчөлөрү ЕЭК Коллегиясынын андан ары кароосу үчүн ЕАЭБдин расмий статистикалык маалыматын түзүү методологиясынын актуалдаштырылган редакциясын жактырышты, ал "керектөө бааларынын индекси" жана "жүк ташууларга тарифтердин индекси" көрсөткүчтөрүн түзүүнүн жаңы методикалары, ошондой эле "жумушсуздук деңгээли" көрсөткүчүн түзүү боюнча актуалдаштырылган методика менен толукталган. 

Ошондой эле отурумдун катышуучулары 2022-жыл үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосунда товарларды өз ара сатуу статистикасынын "күзгүлүк" маалыматтарын салыштыруунун жыйынтыктарын талкуулашты жана "күзгүлүк" айырмачылыктарды кыскартуунун оң мисалдарын белгилешти. Эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен "күзгүлүк" салыштырууларды унификациялоо үчүн ЕАЭБ мамлекеттеринин Өз ара соода статистикасынын маалыматтарына салыштырма талдоо жүргүзүү боюнча сунуш-көрсөтмөлөр жактырылган.

Статистика боюнча консультативдик комитеттин кезектеги отурумун 2024-жылдын апрель айында Москвада өткөрүү болжолдонууда.