Чек убактылуу негизде - 2022-жылдын 1-октябрына чейин жогорулатылды. Эгерде жөнөтмөнүн наркы көрсөтүлгөн суммадан жогору болсо же анын салмагы 31 кг-дан ашык болсо, анда буйрутманын наркынын 15% өлчөмүндө алым төлөнөт, бирок 1 кг үчүн 2 евродон кем эмес.
Бул чара чет элдик интернет-дүкөндөрдөн жеке пайдалануу үчүн товарларга буйрутма берген жарандарды колдоого жана товарлардын тартыштыгын болтурбоого мүмкүндүк берет.
Азыркы учурда жеке колдонуу үчүн товарларды ташып келүүнүн алымсыз чеги 200 еврону түзөт.
Чечим расмий түрдө жарыяланган күндөн тарта 10 календардык күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.